КУЛАККА ТАРТУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КУЛАККА ТАРТУУ – </b>Совет бийлиги орногондон кийин бай дыйкандарга каршы колдонулган чара. К. т. И. В. <i>Сталиндин</i> жетекчилиги менен 1929-ж. РКП(б)нин Ноябрь пленумунун чечимине ылайык ишке ашырыла баштаган. Анын максаты а. ч-нда социализмди куруу болгону менен кийин терең ойлонуштурулбаган саясат экени айкындалган. ВКП(б) БКнын (1930, 30-январь), БАК менен ЭКСтин (1930, 1–4-февраль) токтомдору ж. б. көрсөтмөлөрү б-ча өлкөдө туташ коллективдештирүү башталып, <i>кулактардын</i> мал&shy;мүлкү, жери тартып алынып, өздөрү сүргүнгө айдалууга тийиш болгон. Бул саясат Кырг-нда да ишке ашкан (к. <i>Кыргызстанда тап күрөшүнүн жүрүшү</i>). Башка жерге салыштырмалуу Кырг-нда кулактардын өтө аз болгонуна кара&shy;бастан (мис., Союз б-ча 900 миңден ашык чарба болсо, Кырг-нда ал 1,8%ти гана түзгөн), борбордон келген көрсөтмө б-ча дыйкан чарбасынын 3–5%ин К. т. керек болгон. Бирок аткаруу бийлигинде калыптанган «планды ашыгы» менен аткаруу аракетинен улам орто дыйкан, ал эмес кедей-дыйкандар да кулакка тартылып кеткен. 1930–32-ж-га карата Кырг-нда
<b type='title'>КУЛАККА ТАРТУУ – </b>Совет бийлиги орногондон кийин бай дыйкандарга (кара: [[Кулактар]]) каршы колдонулган чара. «Кулактарды тап катары жоюу» жоюу маселеси СССРде айыл чарбасын коллективдештирүүгө байланыштуу пайда болгон. 1920-жылдардын аяк ченинде Совет бийлиги тарабынан айыл чарбасын коллективдештирүү (кара: [[Жаңы экономикалык саясат]]) жүрө баштаганда, мындай чарага жеке менчик оокаттуу дыйкандар караманча каршы болушкан. Кулактарды ашкерелеген материал алгач 15. 02. 1928-жылы «Правда» гезитинин бетине жарыяланып, анда бай дыйкандардын кедейлерди эзген оор абал айыл жерлеринде гана эмес, партиянын өзүндө да, бир катар коммунисттик ячейкалардын жетекчилери тарабынан да жүрүп жатканы айтылган. Негизинен бул иш-чара И. В. [[Сталин]]дин жетекчилиги менен 1929-жылы апрель айында өткөн Бүткүл Союздук Коммунисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук Комитетинин пленумунун чечимине ылайык ишке ашырыла баштаган. Анда И. В. Сталин бир катар түшүмдүү жылдардан кийин кулактар «өз алдынча» ​​болуп, байып, бийликке баш ийбей, мамлекетке дан төгүүнү токтотконун сындаган. Ушундай маселелердин натыйжасында Бүткүл Союздук Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросу 1930-жылы 30-январда «Толук коллективдештирүү аймактарындагы кулак чарбаларын жоюу чаралары жөнүндө» атайын токтомун кабыл алган. Анын максаты айыл чарбасында социализмди куруу болгону менен кийин терең ойлонуштурулбаган саясат экени айкындалган. Андан кийин Борбордук Аткаруу комитети менен Эл Комиссарлар советинин (1930, 1–4-февраль) токтомдору ж. б. көрсөтмөлөрү боюнча өлкөдө туташ коллективдештирүү башталып, кулактардын мал-&shy;мүлкү, жери тартып алынып, өздөрү сүргүнгө айдалууга тийиш болгон. Бул саясат Кыргызстанда да ишке ашкан (кара: [[Кыргызстанда тап күрөшүнүн жүрүшү]]). Башка жерге салыштырмалуу Кыргызстанда кулактардын өтө аз болгонуна кара&shy;бастан (мис., Союз боюнча 900 миңден ашык чарба болсо, Кыргызстанда ал 1,8%ти гана түзгөн), борбордон келген көрсөтмө боюнча дыйкан чарбасынын 3–5%ин кулакка тартуу керек болгон. Бирок аткаруу бийлигинде калыптанган «планды ашыгы» менен аткаруу аракетинен улам орто дыйкан, ал эмес кедей-дыйкандар да кулакка тартылып кеткен. 1930–1932-жылдарга карата Кыргызстанда 5086 киши кулак деп табылып, жеринен ажыратылып, көпчүлүгү [[Украина]], [[Кавказ]], [[Батыш Сибирь]], Түндүк [[Казакстан]]га көчүрүлгөн. Алардын айрымдары ошол жактарда калып калган.
5086 киши кулак деп табылып, жеринен ажыратылып, көпчүлүгү Украина, Кавказ, Батыш Сибирь, Түн. Казакстанга көчүрүлгөн. Алардын айрымдары ошол жактарда калып калган.


 
Ад.: <i>Джуманалиев А.</i> Политическая история Кыргызстана. (Становление политической системы Кыргызского общества). Б., 2005; Алтымышова З. А. Совет бийлигинин Кыргызстандагы кулактарды тап катары жоюу саясатынын ишке ашырылышы (1920–1930-жылдар). Б., 2024.
Ад.: <i>Джуманалиев А.</i> Политическая история Кыргызстана. (Становление политической системы Кыргызского общества). Б., 2005.


<p align='right'><i type='author'>Б. Сатаров.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Б. Сатаров.</i></p>
[[Категория:4-том, 597-656 бб]]
[[Категория:4-том, 597-656 бб]]

04:17, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

КУЛАККА ТАРТУУ – Совет бийлиги орногондон кийин бай дыйкандарга (кара: Кулактар) каршы колдонулган чара. «Кулактарды тап катары жоюу» жоюу маселеси СССРде айыл чарбасын коллективдештирүүгө байланыштуу пайда болгон. 1920-жылдардын аяк ченинде Совет бийлиги тарабынан айыл чарбасын коллективдештирүү (кара: Жаңы экономикалык саясат) жүрө баштаганда, мындай чарага жеке менчик оокаттуу дыйкандар караманча каршы болушкан. Кулактарды ашкерелеген материал алгач 15. 02. 1928-жылы «Правда» гезитинин бетине жарыяланып, анда бай дыйкандардын кедейлерди эзген оор абал айыл жерлеринде гана эмес, партиянын өзүндө да, бир катар коммунисттик ячейкалардын жетекчилери тарабынан да жүрүп жатканы айтылган. Негизинен бул иш-чара И. В. Сталиндин жетекчилиги менен 1929-жылы апрель айында өткөн Бүткүл Союздук Коммунисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук Комитетинин пленумунун чечимине ылайык ишке ашырыла баштаган. Анда И. В. Сталин бир катар түшүмдүү жылдардан кийин кулактар «өз алдынча» ​​болуп, байып, бийликке баш ийбей, мамлекетке дан төгүүнү токтотконун сындаган. Ушундай маселелердин натыйжасында Бүткүл Союздук Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросу 1930-жылы 30-январда «Толук коллективдештирүү аймактарындагы кулак чарбаларын жоюу чаралары жөнүндө» атайын токтомун кабыл алган. Анын максаты айыл чарбасында социализмди куруу болгону менен кийин терең ойлонуштурулбаган саясат экени айкындалган. Андан кийин Борбордук Аткаруу комитети менен Эл Комиссарлар советинин (1930, 1–4-февраль) токтомдору ж. б. көрсөтмөлөрү боюнча өлкөдө туташ коллективдештирүү башталып, кулактардын мал-­мүлкү, жери тартып алынып, өздөрү сүргүнгө айдалууга тийиш болгон. Бул саясат Кыргызстанда да ишке ашкан (кара: Кыргызстанда тап күрөшүнүн жүрүшү). Башка жерге салыштырмалуу Кыргызстанда кулактардын өтө аз болгонуна кара­бастан (мис., Союз боюнча 900 миңден ашык чарба болсо, Кыргызстанда ал 1,8%ти гана түзгөн), борбордон келген көрсөтмө боюнча дыйкан чарбасынын 3–5%ин кулакка тартуу керек болгон. Бирок аткаруу бийлигинде калыптанган «планды ашыгы» менен аткаруу аракетинен улам орто дыйкан, ал эмес кедей-дыйкандар да кулакка тартылып кеткен. 1930–1932-жылдарга карата Кыргызстанда 5086 киши кулак деп табылып, жеринен ажыратылып, көпчүлүгү Украина, Кавказ, Батыш Сибирь, Түндүк Казакстанга көчүрүлгөн. Алардын айрымдары ошол жактарда калып калган.

Ад.: Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана. (Становление политической системы Кыргызского общества). Б., 2005; Алтымышова З. А. Совет бийлигинин Кыргызстандагы кулактарды тап катары жоюу саясатынын ишке ашырылышы (1920–1930-жылдар). Б., 2024.

Б. Сатаров.