КУК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУК Жеймс (27. 10. 1728, Улуу Британия Йоркшир графтыгы, Мартон, – 14. 2. 1779, Гавайи а.) – англис деңиз саякатчысы. Жер шарын айланып

чыккан 3 экспедицияга жетекчилик кылган. Тынч океандагы 11 архипелагды жана 27 аралды ачкан. Канададагы, Жаңы Зелан­диядагы деңиз өткөөлдөрүн жана ал ар дын жээктерин (1759, 1763–67), Австралиянын чыгыш жээгин жана Жаңы Гвинеянын бир бөлүгүн картага түшүргөн (1768–71). Б и р и н ч и э к с п е д и ц и я с ы н д а (1768–71) Жаңы Зеландия 2 аралдан (Түш. жана Түн.) тургандыгын далилдеген. Аларды бөлүп турган кысыкты, Австралиянын чыгыш жээгин, Чоң Тоскоол рифин изилдеп, э к и н ч и э к с п е д и ц и я с ы н д а (1772–75) Түш. жарым шардагы мелүүн алкактарда кургактыктын ири массивдери жок экендигин аныктап, Жаңы Гебрид а-нын түш. тобун, Жаңы Каледонияны, Норфолк а-н, Туамоту архипелагынын 2 атоллун, Коом, Кук а-нын түш. бөлүгүн картага түшүргөн. Азия менен Американын ортосунда кысык бар экенин толугу менен далилдеген. 1773-ж. тарыхта 1-болуп Түш. уюлдук тегеректи кесип өтүп, 71°10' түш. кеңдикке жеткен. К. Уюл жакта материк же ири кургактык бар экенин божомолдогон, бирок аны издөөнү токтотууга аргасыз болгон. Ү ч ү н ч ү э к с п е д и ц и я с ы н д а (1776–79) Гавайи а-на жетип, Американын түн.-батыш жээгин изилдеген. К. Гавайи а-ндагы жерг. калк менен болгон кагылышта курман болгон. Жаңы Зеландиянын Түш. а-ндагы тоо, Тынч океандагы аралдар тобу (Кук архипелагы), Жаңы Зеландиядагы Түш. жана Түн. а-н бөлүп турган кысык, Алясканын жээгиндеги булуң К-тун ысмынан аталган.


Эмг.: Первое кругосветное плавание. Плавание на «Индевре» в 1768–1771 гг., М., 1960; Второе кругосветное плавание. Плавание к Южному полюсу и вокруг света в 1772–1775 гг., М., 1964; Третье плавание. Плавание в Тихом океане в 1776–1780 гг., М., 1971.


Ад.: Свет Я. М. История открытия и исследования Австралии и Океании. М., 1966; он же. Д. Кук. М., 1979: Оксфордская иллюстрированная энциклопедия. Т. 1. Физический мир. М., 2000; Новейший энциклопедический словарь. М., 2006.