КЕРБЕН (Аксы районундагы шаар): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КЕРБЕН шаар to КЕРБЕН (Аксы районундагы шаар)) |
(Айырма жок)
| |
03:51, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕРБЕН , К э р в э н, К а р а в а н – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы шаар (2004-жылдан). Аксы районунун ж-а Кербен шаар башкармалыгынын борбору. Бозбу-Тоонун батышында, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 80 км аралыкта. Кыштак катары 1870-жылга чейин негизделген. Калкы 14 миңдей (2008); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Беш орто мектеп, китепкана, жатак ж-а кесиптик-техникалык лицейлери, спорт мектеби, кинотеатр, маданият үйү (400 орундуу), мечит (Азрети Умар атындагы), парк, оорукана ж. б. бар. В. И. Ленинге, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. «Ыман-Ата» АКсы (мурдагы май заводу), «Гүлазык» жоопкерчилиги чектелген коому (мурдагы шарап заводу) ж. б. иштейт.