КЫРГЫЗ АТЧАНДАР ПОЛКУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ АТЧАНДАР ПОЛКУ – 1920-ж. июнь айында Кыргыз атчандар дивизионунун ордуна кайрадан түзүлгөн аскер бөлүгү. К. а. п. негизинен кыргыз ж-а өзбек калкынан куралып, саны миң жоокерге жеткен. Бул полктун жардамы м-н О. Азияда уюшулган басмачылардын саны азайып, алар тоолуу аймактарга чегинген. Бухара эмирин тактан түшүрүүгө, ал жерде Совет бийлигин орнотууга көмөктөшкөн. Басмачыларга каршы күрөштөгү эрдиги үчүн полктун командири С. Күчүков Кызыл Туу ордени м-н сыйланып, көптөгөн жоокерлер баалуу сыйлыктарга татыктуу болгон. Жарандык согуш аяктагандан кийин К. а. п. таркатылган.
К. Алымкулов.