КЫРГЫЗ АЛА-ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫРГЫЗ АЛА-ТООСУ – Түн. Теңир-Тоодогу ири кырка тоо. Ысык-Көлдүн батышындагы Кызыл-Омпол тоосунан Тараз ш-на (Казакстан) чейин кеңдик багытта созулуп жаткан ири ж-а татаал мегантиклиналь. Чүй ойдуңун Талас, Суусамыр, Кочкор ойдуңдарынан бөлөт. Уз. 454 км, эң жазы жери 40 км. Орт. бийикт. 3700 м, эң бийик жери 4895 м (Аламүдүн чокусу). Чыгыш тарабында чокулары 4000 мден жогору. Түш. капталынан Төө-Ашуунун тушунда Талас Ала-Тоосу, Ысык- Ата ашуусунун тушунда Кара-Мойнок тоосу айрылат. Суу бөлгүч кыры аскалуу, чокулары шуштугуй пирамида сымал, альп тибиндеги рельеф мүнөздүү. Капталдары асимметриялык түзүлүштө: түш. капталдары кыска, түндүгү жазы, айрым айрыктары 30 кмге.

Кыргыз Ала-Тоосундагы Норус мөңгүсү. Алдынкы планда морена шилендиси.

жетет. Түн капталынын чыгыш бөлүгүндө адырлар (же бөлтөктөр, бийикт. 2000 мге чейин), батыш бөлүгүндө денудациялык жайык беттер бар. Эки капталында тең капчыгай м-н өрөөн көп. Ири­лери: Ашмара, Чоң Кайыңды, Кара-Балта, Ак- Суу, Сокулук, Ала-Арча, Аламүдүн, Ысык-Ата, Кегети, Шамшы, Батыш ж-а Чыгыш Каракол ж. б. К. А.-Т. рельефинин тиби б-ча бийик, орто бийик, жапыз тоолорго бөлүнөт. Бийик тоолор­го (2500 мден жогору) байыркы мөңгүлөрдүн издери ж-а азыркы мөңгүлөр, цирктер, төрлөр, тепши сымал капчыгайлар, аскалуу зоолор, орто бийиктеги тоолорго (2000–3000 м) кенен капчыгайлар, кууш кырлар, жапыз тоолорго тегизделген денудациялык жондор, шиленди толгон та­маны кенен өрөөндөр мүнөздүү. Чыгыш бөлүгүндө чакан тектон. ойдуңдар (Желаргы, Октор­кой, Көк-Жар-Суу ж. б.) кездешет. Адырлары кокту-колоттуу, жондору жайык чоң дарыя өрөөндөрү м-н айрым бөлтөктөргө бөлүнүп турат.
К. А.-Т. – геол. түзүлүшү б-ча мегантиклиналь Тектон. жаракалар аркылуу түндүгүндө Чүй ме­гасинклиналынан, түштүгүндө Талас, Суусамыр ж-а Кочкор синклиналдык түзүлүштөрүнөн бөлүнүп турат. Эң байыркы (кембрийге чейин­ки) метаморфизмделген кристаллдуу сланец, кварцит, гнейс тоо тектери К. А.-Т-нун фунда­ментин түзүп жатат. Анын үстүндө бурчтук ке­лишпестик м-н каледондун синклиналдык структуралык кабатынын жанартоо ж-а чөкмө тоо тектерден турган калың катмарлары орун алган. Эпикаледондун структуралык кабаты (девон-пермдин) порфирит-туф ж-а чөкмө, көбүнчө кызыл түстүү, континенттик ж-а континенттик-деңиз формацияларынан турат. Кем­брийге чейинки ж-а төмөнкү палеозойдо пайда болгон гранитоид интрузиялары кеңири тараган; айрым жерде габброиддер кезигет. Палеозойдун аягында пайда болгон сиенит м-н гранит-сиениттер кыйла кичирээк массивдерди түзөт. Палеоген-неоген чөкмөлөрү тоо этегинде­ги адырлар тилкесин түзөт. К. А.-Т-нун чегинде узак убакыт бою коргошун рудасы казылып алынган (Борду кени), азыркы учурда карапалык сырьё (Ак-Суу кени), кооз таш (Кызыл- Омпол сиенит кени) кендеринин ө. ж-лык мааниси бар. Алардан башка күкүрт колчеданынын (Ачык-Таш кени), таш туздун (Желди-Суу кени) ж-а табигый курулуш материалдарынын кендери, о. эле полиметалл, жез кендери белгилүү. Ысык-Ата м-н Аламүдүн минералдуу арашан сууларынын базасында дарылоо мекемелери иштейт. Ак-Суу (Жар-Таш) минералдуу суусу ичүү үчүн ө. ж-да чыгарылат.
Климаты мелүүн континенттик, бийиктик б-ча өзгөрөт. Январдын орт. темп-расы –4...–5°Сден (тоо этегинде) –20...–25°Сге чейин (4000–4500 м бийикте), июлдуку 20–23°Сден (тоо эте­гинде) 0–5°Сге чейин (кыр бөлүгүндө). Жылдык жаан-чачын этектеринде 300–400 мм, кырына жакын 800–1000 мм. К. А.-Т-нда (голоцендик) жалпы аянты 520 км2ге жеткен 582 мөңгү бар. Анын 483 (жалпы аянты 471 км2) түн. капта­лында, 99 (49 км2) түштүгүндө. Көбү борб. бөлү­гүндө (Кара-Балтадан Шамшыга чейинки ара­лыктагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 300 км2ге жетет). Ири мөңгүлөрү: Топ-Карагай (аянты 6,4 км ), Кең-Төр (10,0 км ), Голубин (9,4 км ),

2 Туюк (8,5 км ), Чоң-Төр (6,1 км ). Кар чегинин бийикт. 3750–4100 м. Суулары Чүй, Нарын ж-а Талас д-нын алабына таандык. Ири суулары түн. капталында: Ысык-Ата (жылдык орт. чыгымы 7,2 м3/сек), Аламүдүн (6,3 м3/сек), Кара-Балта (5,3 м3/сек), Сокулук (5,2 м3/сек) ж. б.; түш. капталында: Каракол (чыгыш; 4,8 м3/сек), Көкөмерен, Суусамыр ж-а Караколдун (Таластын ала­бы) куймалары. Булар мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Апрель – май айларында кирип, август–сентябрда тартыла баштайт.
К. А.-Т-нун топурак ж-а өсүмдүктөрү бийик­тик б-ча өзгөрөт. Түн. капталына кургакчыл талаа ж-а талаа (700–1000 м бийикте, ачык коңур топурактуу келип, ак шыбак, камгак, эбелек, ак кылкан ж. б. өсүмдүктөр өсөт), кара коңур топурактуу талаа (1000–1600 м; бетеге, шыбак, карындыз, буудайык, караган ж. б.), шалбаалуу талаа (1600–1900 м; кара топурактуу келип, бетеге, шыраалжын, буудайык, дүйүм чөп ж. б.), токойлуу талаа-шалбаа (1900–2700 м; каралжын тоо-токой, тоо-шалбаа топурактуу, тескей беттеринде карагай, күнгөйүндө арча, аларга жанаша шалбаа өсүмдүктөрү, четин, кайың, тал, бадалдар – бөрү карагат, ит мурун, ак чечек ж. б.), субальп (2700–3100 м), альп шалбаасы (3100–3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкакта­ры мүнөздүү. Түш. капталдарында дарак өсүм­дүктөрү кездешпейт. Анда тоолуу талаа ландшафты (2300–2900 м бийикте) орун алган. Тоо этегинде таштактуу жарым чөл ландшафты (1700–2300 м) бар. Башка ландшафттык алкактар түн. жагына окшош, бирок кургакчыл ке­лип, алардын чектери 300–400 мге бийигирээк.
Жаныбарлары: сүлөөсүн, карышкыр, элик, тоо эчки, суусар, түлкү, бүркүт, ителги, улар, ке­килик, чил, куш, арс чычкан, ач күсөн ж. б. К. А.-Т. негизинен жайыт катары пайдаланы­лат. Сарала-Саз, Суусамыр ж. б. белгилүү жайлоолору бар. Тоо этектериндеги ж-а ички өрөөндөрүндөгү түзөң ж-а бир аз жантайыңкы жеринин көбү айдоого пайдаланылат. Тоонун түндүгүндөгү райондор түш. Капталдарындагы өрөөндөр ж-а жайлоолор м-н Шамшы, Ысык-Ата, Ала-Арча, Сокулук ашуулары аркылуу байланышат. Төө-Ашуудагы тешкен тоо аркылуу Бишкек – Ош автомобиль жолу өтөт.


Ад.: Гвоздецкий Н. А., Голубчиков Ю. Н. Природа мира: горы. М., 1987; Кыргыз жергеси. Фр., 1990; Максимов Е. В., Осмонов А. О. Особенности совре­менного оледенения и динамики ледников Киргизского Ала-Тоо. Фр., 1995.