КЫПЧУУРЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫПЧУУРЛАР , т е р и к а н а т т у у л а р (Dermaptera) – курт-кумурскалар түркүмү. Дене уз. 3,5–50 ммге жетет. Түсү саргыч күрөң же каралжын. Алдынкы канаттары кыска, арткысы жаргакчалуу. Курсагы 7–10 муунактуу, учунда ийри кыпчууру болот. Ал коргонуу ж-а кол салуу органы болуп саналат. Чала кубулуу жолу м-н көбөйөт. Жумурткасын жерге (уясына) таштайт. Ургаачысы уясында жумурткасын, андан чыккан личинкасын кайтарат. 1300дөй түрү тропик, субтропикте кеңири таралган. Нымдуу, жылуу жерде жашайт. Күндүз таш, түшкөн жалбырак астында жашынып жатат, түнкүсүн азыгын издейт. Өсүмдүк, жаныбар калдыктары, курт-кумурска м-н азыктанат. А. ч. өсүмдүктөрүнө зыян келтирет.