КЫЙМЫЛ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЙМЫЛ – материянын жашоо формасы, анын эң маанилүү атрибуту; кеңири мааниде болмуштун (бытие), объективдүү реалдуулуктун (материя) бардык касиетин, өзгөрүүлөрүн өз мазмунунда чагылдырып, алардын жашоосун камсыз кылып турган универсалдуу филос. түшүнүк (категория). К. дүйнөдө болуп жаткан бардык процесстерди (кубулуштар, алардын абалдары, стадиялары, фазалары, мезгилдери, так булактары) камтыйт. Ошондуктан К. бытие, материя, нерсе ж-а кубулуштун ички карама-каршылыктарынын өз ара күрөшүнөн келип чыккан табигый аракет, жүрүш ж-а агым болуп эсептелет. Демек, бүткүл материалдык дүйнө м-н К. ажырагыс биримдикте жаралып, аны м-н жашап, бири-бирисиз өнүгүү (кыймыл) болбойт. К. негизинен ар кандай аракет, пайда болуу, козголуу, өзгөрүү, айлануу, өтүү, туруктуу, шарттуу, абсолюттуу, салыштырмалуу, үзгүлтүксүз, үзгүлтүктүү, чексиз, чар жайыт, жок болуу ж. б. формалар (мис., кыймылсыз турган нерсенин баары Жер шары м-н бирге суткалык ж-а жылдык айланууларды жасап, үзгүлтүксүз К-ды түзөт) аркылуу билинет. Байыркы грек философтору суу, аба, от ж-а атомду нерселердин баштапкы негизи катары карап, алар чексиз кыймылдап, өзгөрүп турарын белгилешкен. «К-ды таанып билүү – зарыл түрдө жаратылышты таанып билүүгө алып барат», – деп айткан белгилүү философ Аристотель. 17–18-к-дагы материалист философтор К-ды механиканын закондоруна салып түшүндүрүп, жаратылыштагы бардык өзгөрүүлөрдү нерселердин мейкиндиктеги орун которушу деп карашкан. К-ды диалек. материализм деңгээлинде таанып-билүүнүн натыйжасында, анын типтери ж-а формалары аныкталган.
Т. Эсенгелдиев.