КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ – Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. Кызыл-Өзгөрүш айыл округунун борбору. Коңур-Өгүз суусунун оң өйүзүндө, Кара-Кыр, Туулук, Коңур-Өгүз тоолорунун этегинде, деңиз деңг. 1720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 85 км түш.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 147 км. Кыштак 1926-ж. негизделген. Калкы 1965 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, мечит бар. Оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, соода түйүндөрү иштейт.