КЫЗЫЛ-ОРДО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫЗЫЛ-ОРДО</b> (мурда А к - М е ч и т, П е т­р о в с к) – Казакстан | <b type='title'>КЫЗЫЛ-ОРДО</b> (мурда А к - М е ч и т, П е т­р о в с к) – Казакстан Республикасындагы шаар (1938-жылдан). Кызыл-Ордо облусунун административдик борбору. Сыр-Дарыянын оң жээгинде жайгашкан. Калкы 186 миң (2009). Темир жол тоому. Аэропорту бар. Мечиттер (Айтбай, Ак-Мечит), чиркөөлөр (анын ичинде Кудай Эне) жана башкалар сакталган. Тамак-аш (балык, нан, сүт заводдору, эт комбинаты), целлюлоза-кар­тон, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары, бут кийим, тигүү жана трикотаж, эмерек жасоочу фабрикалары, ошондой эле бир нече акционердик коом иштейт. Ки­йинки жылдары шаардын архитектурасы жаңырып, аквапарк, мейманканалар (төрт жылдыздуу отелдер) жана башкалар салынды. Кызыл-Ордону 1817-жылы Кокон хандыгы чеп катары негиздеген. 1925–1929-жылдары Казак Республикасынын борбору болгон. Шаарда 30дан ашык жалпы билим берүүчү мектеп, 5 коллеж, 3 кесиптик-техникалык окуу жайы, университеттер (анын ичинде Кы­зыл-Ордо мамлекеттик), «Сейхун» академиясы, китеп­каналар, архив, драма театры, филармония бар. Шаардын четинде нефть, газ кендери (Түштүк-Ту­гай бассейни) казылып алынат. | ||
Ад.: Кызыл-Ордо облусу//Казакстан улуттук энциклопедиясы, 6-т. Алматы, 2004; | Ад.: Кызыл-Ордо облусу//Казакстан улуттук энциклопедиясы, 6-т. Алматы, 2004; | ||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
11:29, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЗЫЛ-ОРДО (мурда А к - М е ч и т, П е тр о в с к) – Казакстан Республикасындагы шаар (1938-жылдан). Кызыл-Ордо облусунун административдик борбору. Сыр-Дарыянын оң жээгинде жайгашкан. Калкы 186 миң (2009). Темир жол тоому. Аэропорту бар. Мечиттер (Айтбай, Ак-Мечит), чиркөөлөр (анын ичинде Кудай Эне) жана башкалар сакталган. Тамак-аш (балык, нан, сүт заводдору, эт комбинаты), целлюлоза-картон, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары, бут кийим, тигүү жана трикотаж, эмерек жасоочу фабрикалары, ошондой эле бир нече акционердик коом иштейт. Кийинки жылдары шаардын архитектурасы жаңырып, аквапарк, мейманканалар (төрт жылдыздуу отелдер) жана башкалар салынды. Кызыл-Ордону 1817-жылы Кокон хандыгы чеп катары негиздеген. 1925–1929-жылдары Казак Республикасынын борбору болгон. Шаарда 30дан ашык жалпы билим берүүчү мектеп, 5 коллеж, 3 кесиптик-техникалык окуу жайы, университеттер (анын ичинде Кызыл-Ордо мамлекеттик), «Сейхун» академиясы, китепканалар, архив, драма театры, филармония бар. Шаардын четинде нефть, газ кендери (Түштүк-Тугай бассейни) казылып алынат.
Ад.: Кызыл-Ордо облусу//Казакстан улуттук энциклопедиясы, 6-т. Алматы, 2004;