КЫЗЫЛ-КЫЯ КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЗЫЛ-КЫЯ КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Ноокат, Баткен обл-нун Кадамжай р-ндорунун чек арасында, Кызыл-Кыя ш-нын түш.-чыгыш четинде, Кичи Алай тоосунун түн. этегинде. Кен 1898-ж. казыла баштаган. Аймагында палеозой, мезозой, кайнозой чөкмө тек катмарлары жатат. Көмүр юра мезгилинде пайда болгон кумдук, гравелит, алевролит, чопо тектеринин арасында кездешет. Катмарлары ар кайсы жерде ар кандай санда. Ленин Комсомолу атн. ж. б. иштетилген шахта талааларында татаал түзүлүштөгү «Негизги» деп аталган бир кабат, Кызыл-Кыя – Восточный участкасында 14 кабат, Караван участкасында 13 кабат белгилүү. Кабаттардын калыңдыгы бир нече смден 13,13 мге чейин өзгөрөт. Көмүр сапаты б-ча 3Б маркасына таандык, орт. күлдүүлүгү 16,5%тен 18,0%ке чейин, орт. күйүү жылуулугу 6650–6943 ккал/кгды түзөт. Консервацияланган Ленин Комсомолу атн. шахта талаасындагы көмүрдүн 21917 миң т запасы 1997-ж-га карата баланстан алынып ташталган. Кызыл-Кыя – Восточный участкасынын запасы 88,2 млн т.