КЫЗЫЛ-ЖАР 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫЗЫЛ-ЖАР – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Назаралиев атн. айыл ок­ругуна караштуу. Нарын д-нын боюнда, деңиз деңг. 520 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Кербен ш-нан 73 км түш.-чыгыш тарапта.
Үч-Коргон т. ж. бекетинен (Өзбекстан) 4 км. Калкы 5016 (2009); негизинен дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, оорукана, дарыкана, поликлиника, мад-т үйү, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматы, мончо, соода жайлары, базарчалар иштейт.