КЫЗ УЗАТУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЗ УЗАТУУ – үйлөнүү тоюнун салттуу көрүнүштөрүнүн бири. К. у. кыздын айылында өткөрүлөт. Болжошкон күнү кудалар бүлөсүн алып кетиш үчүн кыздын ата-энесиникине келген. Күйөө тарап камчы же белиндеги курун мойнуна салып: «Кулдугубуз бар, кудалар»,– деп, башын ийип, колун бооруна алып, кулдук урат. Кыз тараптын «кулдугуңар Кудайга» деген алкоосунан кийин келген кудалар атайы даярдалган конок үйгө, жоро-жолдоштору м-н бир аз артта кирген күйөө бала өзүнчө көтөрүлгөн ак өргөөгө киргизилип, сый көрүшөт. Ак өргөөдө кыз оюну өткөрүлгөн соң, жеңелери кыздын чачын экиге бөлүп өрүп, даярдалган сөйкө, желбирөөч, бой тумар, шакек, билерик, чач кап, учтук кооздуктарын тагып, шөкүлөсүн кийгизип, атайын жабдылган, жасалгалуу атка мингизет. Узар алдында кыз төркүнү м-н коштошуу ырын айткан. Энеси кызынын жакшы сапаттарын кошокко кошкон. Коштошуу салттуу коомдун демейки көрүнүшү болуп эсептелген, анткени кыз өз ата-энеси, уругу м-н биротоло коштошкон. «Чыккан кыз чийден сырткары», «Кыз башка элдин кишиси» деген сөздөрдө кыздын коомдогу статусу даана берилген. Кыз төркүнүнө чанда гана конок болуп келе алган, төркүнүнүн ички иштерине кийлигишүүгө укуксуз болгон.
Ы. Кадыров.