КЫЗ ОЮН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЗ ОЮН – кызды күйөөгө берерде же жигит күйөөлөп келгенде кыз м-н жигиттер чогулуп, көңүл ачуучу салттык оюн-тамаша. К. о. атайын тигилген өргөөдө өткөрүлүп, ага күйөө, күйөө жолдош, алардын теңтуштары, эки тараптын жеңелери, жакын туугандар, жек-жааттарынан жаштар катышкан. Өргөөгө кыз курбулары ж-а жеңелеринин коштоосунда (күйөө тараптагылар тиешелүү көрүндүгүн бергенден кийин) кирген. Кыз-келиндер өргөөгө жайгашкан соң, оюн башчы: «азыр күйөө бала жаңылбай такыя сайса, колуктусунун үстүнө кирип, жанына отурат, жаңылса чоң айыбын тартып, кызыбыздын алдына түшөт», – деп жарыя айтып, босогонун бир жагынын туурдугун, чийин кичине ачып берген да, окшош кийимчен топ кызды көрсөтүп: «тиги кыздардын кимиси колуктуң, такыясын сайып көрсөт»,– деген. Күйөө эмне м-н көрсөтөрүн билбей кайсалактап калганда, укурукчан жигит жанына келген. Укуругуна күйөө кол созгондо, жеңеси «укурук акысын» сураган. Укурукту кереге көзүнөн сойлотуп, жүзүн жашыра эңкейе берген топ кыздын ичинен өз колуктусунун такыясын укуруктун ичке учу м-н акырын түртүп коюу м-н үйгө кирип, колуктусунун жанына отурган. Эгер жаңылып башка кыздын такыясын сайып алса, колуктусунан да, балдызынан да кечирим сурап, ырдоого, такыясы кыйшайган кызга бирдеме (буюм, кийим, пул) тартуулоого аргасыз болгон. Күйөө өргөөгө кирип, колуктусунун жанына отурган соң, шакек салмай, бут басмай (күйөөнү, кызды таңмай), жоолук таштамай, кыз өпмөй, жолдош сурамай ж. б. оюндар ойнолуп, сүйүү, ашыктык, махабат, арзуу ырлары ырдалып, күү чертилип, жар көрүшүү салтанаты башталган. Буга сармерден, жаңылмач, о. эле тамаша иретинде кайым айтышуу (кордоо) да аралашкан. К. о-нда күрөш, аркан тартыш, бука тартыш, кыз куумай, о. эле жамбы (кыйык) атыш, оодарыш, көк бөрү, ат чабыш оюндары өткөрүлгөн учурлар да болгон.