КЫЗМАТ АДАМДАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЗМАТ АДАМДАРЫ – бийлик өкүлүнүн милдетин иш жүзүнө ашыруу үчүн атайы дайындалган же шайланган адамдар. Алар туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктарга ээ болушат. КРдин «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамына (23-ноябрь, 1999) ылайык мамл. К. а. 6 топко бөлүнөт. Ага: 1) КР Президенти; 2) Жогорку Кеңештин депутаттык милдеттерин туруктуу негизде аткарып жаткан адамдар; 3) КРдин Конституциясы аныктап, КР Президенти же Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган (шайланган) премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, судьялар ж. б.; 4) 1-, 2- ж-а 3-топтогу кызматты ээлеген адамдардын ыйгарым укуктарын аткарууну түздөн-түз камсыз кылуу үчүн дайындалган жардамчы ж. б. кеңешчилер; 5) мамл. органдардын ыйгарым укугун аткаруу ж-а камсыз кылуу үчүн белгиленген кызматтар; 6) мамл. органдар ж-а атайын мыйзамдар м-н ишмердиги жөнгө салынуучу аскер кызматчылары, прокуратура, ички иштер, улуттук коопсуздук кызматы, салык-бажы инспекциясынын кызматкерлери кирет.
К. А. Бодобаев.