КЫЗ КУУМАЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫЗ КУУМАЙ – </b>улуттук оюн, ат спортунун бир түрү. Оюн түз талаада же <i>ат майданында</i> өткөрүлүп, ага курбалдаш кыз, жигит катышат. Оюнду жигит старт тилкесинен, кыз 25-30 <i>м</i> алдыда баштоого тийиш. Жигит кызды 150- 200 <i>м</i> аралыкта кууп жетсе, чаап бара жатып, ат үстүнөн артылып, кызды өбүүгө акылуу. Кызды кууп жетпеген жигит жеңилет, кайра тарткан | <b type='title'>КЫЗ КУУМАЙ – </b>улуттук оюн, ат спортунун бир түрү. Оюн түз талаада же <i>ат майданында</i> өткөрүлүп, ага курбалдаш кыз, жигит катышат. Оюнду жигит старт тилкесинен, кыз 25-30 <i>м</i> алдыда баштоого тийиш. Жигит кызды 150- 200 <i>м</i> аралыкта кууп жетсе, чаап бара жатып, ат үстүнөн артылып, кызды өбүүгө акылуу. Кызды кууп жетпеген жигит жеңилет, кайра тарткан жолдо кыз жигитти кууп, жигит кыздан жаза алат. Оюнга катышуучулар бирине бири тоскоол болууга, жолдон кесип өтүүгө, экинчи­нин атын камчы м-н чабууга, омуроолотууга ж. б. тыюу салынат. Катышуучулар улуттук кийим кийип, аты алдын ала тапталат. Кыргызда ар кандай аш-тойлор, салтанаттар кыз куумайсыз өткөн эмес. Кийин улуттук спорттун түрү катары кабыл алынып, эрежелери иштелип чыккан ж-а бир системага келтирилген. Кыз куумай боюнча спорттук 3 разряд белгиленген. | ||
жолдо кыз жигитти кууп, жигит кыздан жаза алат. Оюнга катышуучулар бирине бири тоскоол болууга, жолдон кесип өтүүгө, экинчи­нин атын камчы м-н чабууга, омуроолотууга ж. б. тыюу салынат. Катышуучулар улуттук кийим кийип, аты алдын ала тапталат. Кыргызда ар кандай аш-тойлор, салтанаттар | |||
[[File:КЫЗ КУУМАЙ35.png | thumb | none]] | [[File:КЫЗ КУУМАЙ35.png | thumb | none]] | ||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
06:09, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫЗ КУУМАЙ – улуттук оюн, ат спортунун бир түрү. Оюн түз талаада же ат майданында өткөрүлүп, ага курбалдаш кыз, жигит катышат. Оюнду жигит старт тилкесинен, кыз 25-30 м алдыда баштоого тийиш. Жигит кызды 150- 200 м аралыкта кууп жетсе, чаап бара жатып, ат үстүнөн артылып, кызды өбүүгө акылуу. Кызды кууп жетпеген жигит жеңилет, кайра тарткан жолдо кыз жигитти кууп, жигит кыздан жаза алат. Оюнга катышуучулар бирине бири тоскоол болууга, жолдон кесип өтүүгө, экинчинин атын камчы м-н чабууга, омуроолотууга ж. б. тыюу салынат. Катышуучулар улуттук кийим кийип, аты алдын ала тапталат. Кыргызда ар кандай аш-тойлор, салтанаттар кыз куумайсыз өткөн эмес. Кийин улуттук спорттун түрү катары кабыл алынып, эрежелери иштелип чыккан ж-а бир системага келтирилген. Кыз куумай боюнча спорттук 3 разряд белгиленген.
