КЫДЫРАЛЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫДЫРАЛЫ Кайназар уулу (1850, Жалал-Абад обл., Ала-Бука р-ну – 1920, ошол эле жер) – манасчы, төкмө ырчы. К. жаштайынан эле ыр, өлөң, түрдүү эпосторду айтууга шыктуу өнөрү м-н таанымал болгон. Манасчы Талас, Кетмен-Төбө, Жалал-Абад, Алай, Ош, Анжиян, Ташкент, Бадакшан, Коженттеги, ырчы, өлөңчү, кошокчуларга жолугуп, алар м-н айтышып, «Манас» айтып элге таанылган. К-нын «Манастын Борканга калаа курдурганы», «Манастын зилдей (чоң, оор) ташты көтөргөнү», «Манастын Мардигилең алп менен алышканы», «Манастын Боркандан Айгандын канын айдап чыкканы», «Айгандын канынын кызы Алтынай сулуунун Манаска ашык болушу» деген Манастын өзүнчө үлгүлөрүн айтканы гана белгилүү. К. «Манас», «Семетей», «Сейтек» ж-а бир нече кенже эпосторду, көптөгөн элдик ырларды айткан. К-дан жазылган «Манас» варианты КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.