КҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮҮ – кыргыздын аспаптык музыкасынын жалпы аты. Ал негизинен темир ж-а жыгач ооз ко­муз, комуз, кыл кыяк, сурнай, сыбызгы, чоор күүлөрү болуп бөлүнөт. К-лөр салт б-ча муун­дан муунга өтүп, программалык мазмунга ээ болгон, дастандардагы окуяларды, жаратылыш таасирлерин чагылдырган («Ат кетти», «Камбаркан», «Кара өзгөй», «Көкөй кести», «Жаа толгоо», «Ботой» ж. б.). К-нүн обондук-форма­лык курулушу, аткаруу ыргактары ар түрдүү. Бул Карамолдо, Муратаалы, Токтогул, Атай, Эр­кесарынын терең филос. мазмундагы айтым күүлөрүнөн көрүнөт. Комуз К-лөрү эл арасына кеңири тараган. Башка аспап К-лөрүнө кара­ганда күүлөнүшү, муз. темалардын өнүгүшү, ыкмаларынын ж-а штрихтеринин байлыгы, про­граммалуулугу м-н айырмаланып, түрдүү тол­гоо (оң, сол, чың, бош, кош, чың-кош, терс, бош­терс ж. б.) м-н күүлөнүп чертилет. К-лөрдүн мындай чертилиши «аралашма», «калтылдатып чертме», «терип чертме», «жанып чертме», «кол ойнотуп чертме» ж. б. көптөгөн ыкмалардын колдонулушун шарттайт, о. эле К-лөргө класси­калык муз. өнөрдүн айрым элементтерин кир­гизүүгө мүмкүндүк берет. К. ийкемдүү, темпера­менттүү келип, аягына чейин динамикалуу өнүгөт. Комуз К-сү үч үндүү. Ага туруктуу бас пайдаланылып, жарыша жүрүшү мүнөздүү. Бир эле К-нүн бир нече варианты бар. Мындай учур­да К. бирде узарып, бирде кыскарып, метрорит­микалык белгилери өзгөрүп турат. Ошону м-н бирге комузчу мурдагыларды байыта турган интонацияларды киргизип, негизги теманы «өзөк» катары пайдаланат. Комуз К-лөрүн жаңылоонун натыйжасында жаңы варианттар, бөтөнчө салт күүлөрдө жаңы үлгүлөр, позиция­лар пайда болгон. Алар жанрына жараша обон, залкар, айтым күүлөр деп, ал эми мазмунуна, аткарылышына, темасына жараша лирикалык («Секетбай», «Күйгөн», «Арман», «Кошок» ж. б.), эпикалык («Каныкейдин арманы», «Кур­манбек» ж. б.), салт («Кербез», «Шыңгырама», «Кара өзгөй», «Бекарстан» ж. б.), чертилишине жараша моюн («Камбаркан»), бел («Ибарат», «Насыйкат» ж. б.), аяк («Ботойлор» м-н «Шың­гырамалар» ж. б.) К-лөр деп бөлүнгөн. Обон К-лөрдү К-нүн эң байыркылары деп болжоого болот. Обон К-лөр кимге арналса, ошонун аты («Ак Зыйнат», «Ак Мөөрдүн арманы») же автор­дун ысмы («Боогачынын обону», «Осмонкулдун обону», «Калмураттын обону») м-н тараган. Обон К-лөр айтым К-лөрдүн жаралышына данек болгон. Айтым К-лөрдөгү өзгөчөлүк – эң татаал ыкмаларды колдонуп чертүү, муз. маани­леринин өнүгүшүнө ылайык колду түрлөнтө, кубулта ойнотуу. Айтым К-лөрдүн классикалык үлгүлөрүнө «Ак тамак, Көк тамак», «Маш ботой», «Тогуз кайрык», «Чайкама», «Айдараа­лынын көйрөң күү» ж. б. кирет. Айтым К-лөр­дүн улуу устаттары Токтогул, Ниязаалы, Айда­раалы, Жантакбай, Атай, Серек, Коргоол ж. б. болгон. Комуз музыкасындагы негизги жанр – залкар (кара) күүлөр. Алар ойго бай кайрыктарга ээ болуп, кол ойнотулбай, бир калыпта, салмактуу чертилет. Залкар К-лөрдү ыр же сөз коштобойт, күү чертилер алдында гана анын эмнеге арналганы, кандай окуялар баяндалары кара сөз м-н чечмеленген. «Манас» эпосу баш­таган кенже дастандардын (эпизоддорунун) не­гизинде да баяндамалуу (программалуу) К-лөр («Чоң казат», «Алмамбет менен Чубак», «Каны­кейдин арманы», «Алмамбеттин арманы» ж. б.) чыгарылган. «Көкөй кести», «Сынган бугу», «Ибарат», «Насыйкат», «Жаш тилек» ж. б. залкар күүлөрдүн классикалык үлгүлөрүнө кирет. Залкар К-лөрдүн улуу чеберлери Арстанбек, Кыдыр аке, Боккөтөн, Кудайберген Муратаалы, Майлыбай, Сейилкан, Карамолдо, Ыбырай, Чалагыз ж. б. болгон. Салт К-лөр да кеңири өнүккөн («Камбаркандар», «Ботойлор», «Кербез­дер», «Шыңгырамалар», «Толгоолор», «Бегарс­тандар», «Кайрыктар» ж. б.). Кээ бир К-лөр куштардын сайраганын, жорголордун жүрүштөрүн ж. б. тууроонун негизинде чыккан («Токто, чором, найза сал», «Булбул сайрап таң атты», «Жүрүш күү», «Байге» ж. б.). Залкар комузчулар Музооке, Күрөңкөй, Боккөтөн, Арстанбек, Белек, Бурулча, Абак, Капал, Койду, Жантак­бай, Кыдыр акенин өнөрлөрүн Кудайберген, Токтогул, Муратаалы, Ниязаалы, Айдараалы, Карамолдо, Атай, Ыбырай, Эркесары, Шекербек, Асылбек, Орозбай, Намазбек ж. б. өөрчүткөн. Октябрь рев-ясынан кийинки кыргыз комузчуларынын К-лөрү (Ы. Тумановдун «Жаш тилек», «Боз салкын», «Кеңеш», «Паровоз», «Жеңиш», «Жүрөгүм Москва», «Тынчтык», К. Орозовдун «Колхоз камбарканы», «Терме кам­баркан», «Бешик күү», А. Огомбаевдин «Маш камбаркан», «Салтанат камбаркан» ж. б.) ошол доордун маани-маңызын чагылдырган. Мурда К-лөр жеке аспапта ойнолсо, кийин ансамблдин (к. Комузчулар ансамбли) ж-а оркестрдин (к. Кыргыз мамлекеттик академиялык эл ас­паптар оркестри) аткаруусунда жаңы мазмун­га, көп түстүүлүккө ээ болду. М. Абдраев, К. Мол­добасанов, Н. Давлесов ж. б. композиторлор комуз К-лөрүнүн үлгүсүндө оркестр үчүн К-лөрдү («Жаштык күү», «Комуз күүсү», «Карылык», «Тогуз кайрык», «Жол жорго» ж. б.) жазышты. А. Жумакматов, Э. Жумабаев симф., эл ас­паптар оркестрлери ж-а «Камбаркан» этногр.- фольклордук ансамбль үчүн ондогон К-лөрдү иштеп чыгышты. Композиторлор К-лөрдү опе­раларга («Айчүрөк», «Токтогул», «Манас», «Жаш жүрөктөр», «Көкүл», «Олжобай менен Кишимжан» ж. б.), балетке («Анар», «Чолпон», «Селкинчек» ж. б.), симф. аспаптык чыгармаларга кеңири пайдаланышты. Кыргыз К-лөрү алгачкы жолу А. Затаевич тарабынан нотага түшүрүлүп, «Кыргыздын 250 аспаптык күүсү жана обону» деген ат м-н 1934-ж. Москвадан басылып чыккан. В. Виноградовдун «Токтогул­дун музыкалык мурасы» (1961), «Муратаалы Күрөңкөев» (1962) деген эмгектеринде изилденип, «Кыргыз музыкасынын антологиясына» (1974) киргизилген. 125 күүнү камтыган «Залкар күүлөр» деген диск чыгарылган (2001). Б. Алагу­шовдун «Комузчулар өнөрү» (1976), Б. Алагу­шов, Т. Медетовдун «Карамолдонун күүлөрү» (1977), Ч. Исабаевдин «Комуздун тандалма күүлөрү» (1987), «Кылымдардын кылдары» (2005) аттуу эмгектеринде изилденген.


Ад.: Виноградов В. С. Музыка советской Киргизии. М., 1939; Кыргыздын элдик музыкасы. Ф., 1958; Музыкальное наследие Токтогула. М., 1961; Алагушов Б. Комузчулар өнөрү. Ф., 1976. Б. Алагушов.