КҮРӨӨ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮРӨӨ – карызды өз убагында төлөөнү камсыз кылууга (кээде борбордук банктар аныктоочу шарттарда) коюлган мүлк же башка баалуулуктар. Карыздакор К-нүн милдеттенмелерин аткарбаган учурда кредитор коюлган мүлктүн наркынан өзүнүн талабын канааттандыруу укугуна ээ болот. К-нүн үч түрү колдонулат: 1) күрөө предметин карыз берүүчүгө өткөрүүчү туруктуу К.; 2) күрөөгө коюлган мүлк күрөө берүүчүнүн ээлигинде калган жүгүртүүдөгү товар түрүндөгү К., ал бул мүлктү коюлган К-нүн милдеттенмелери б-ча карызды бир мезгилде жабуу же жараксыз мүлктү о. эле баага же чоң суммага алмашуу шартында сатууга укуктуу; 3) күрөөгө коюучунун ээлигинде калган товар түрүндөгү кайра иштетилүүчү мүлк күрөөгө берүүчүнүн өндүрүшүндө кайра иштетилиши мүмкүн– мында мындай иштетүүнүн натыйжасы болуп эсептелген продукцияга да К. укугу жайылтылат. K