КҮНГӨЙ-КОЖОКЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КҮНГӨЙ-КОЖОКЕ – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Н. Исанов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1440 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 20 км түш.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 62 км. Кал­кы 3985 (2007); негизинен дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыштакка жакын балдар эс алуучу жайлар жайгашкан.