КҮМҮШТАК БОР КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КҮМҮШТАК БОР КЕНИ Талас обл-нун Бакай-Ата кыш-нан 25 км түштүктө, деңиз деңг. 2200 м бийикте. 1977-ж. табылган. Бор Күмүштак ин­трузиясынын түн.-батыш бөлүгүндөгү экзокон­такт м-н байланышкан. Ал жерде аксинит, кээде датолит м-н минералдашкан акиташтуу скарн кездешет. Бор ангидритинин өлчөмү датолиттүү скарнда 3–13%, аксиниттүү скарнда – 1,95–3,25%ти түзөт. Кээ бир линзалардын калыңды­гы 75–100 м, уз. 200 м. Бор кездешкен кенташтын болжолдуу ресурсу 1 млн м3ди түзөт.