КҮМҮШАЛИЕВА Сабира: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КҮМҮШАЛИЕВА Сабира [19. 3. 1917, Пишпекке (азыркы Бишкек ш.) жакын Төкөлдөш кыш 14. 9. 2007, Бишкек] – кино ж-а театр артисти, Кыргыз эл арт. (1964), Кыргыз Эл Баатыры (2001). 1932-ж. Фрунзе пед. техникумун бүтүрүп, 1932–

34-ж. башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Т. Абдумомунов атн. Кыргыз акад. драма театрында актриса болуп иштеген. К. табигый таланты, аткаруучулук чеберчилиги м-н кино ж-а театр иск-восуна болгон сүйүүсү ширелишип, бүтүндөй жан дүйнөсүн ээлеп алган. Ар бир образдын жүзүн ачууда К. баарынан мурда каармандын мүнөздүк өзгөчөлүгүн табууга умтулган. 75 жылдык өмүрүн кино ж-а театр иск-восуна арнап, кыргыз театры м-н киносунда эле эмес, казак киносунда да өз изин калтырган. Ал алгач Карачач (К. Жантөшев, «Карачач»), Ситайхо,

Зулайка (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Телли (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), Зуура (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей») ж. б. ролдорун аткарып, ийгиликке жетишкен. 40-жылдарда Кузька (Н. Погодин, «Ааламдын жаралышы»), Л. Шевцова (А. Фадеев, «Жаш гвардия»), Күлгаакы (К. Жантөшев, «Курманбек»), Батыйна, Бурма (Т. Абдумомунов, «Каркыралар кайтканда», «Жыгылган оогонго күлөт» ж. б.) сыяктуу каармандарды сахнага алып чыгып, чебер сүрөткер катары таанылган. О. эле комедиялык, курч мүнөздүү образдарды да мыкты аткарган: Фан-и (Цао Юй, «Тайфун»), Мастан (А. Көбөгөнов, «Болот менен Тынар»), Май-

салбүбү (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Оңолкан (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»), Шербет (А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»), дүлөй кемпир (М. Тойбаев «Өчпөс жылдыз») ж. б. «Жапалак Жатпасов», «Алтын кыз», «Евгений Онегин», «Кыз жибекте» таасирдүү образдарды жараткан. Дүйнөлүк, кыргыз ж-а орус классикасында ондогон ролдорду («Отеллодо» Бьянка, «Он экинчи түндө» Мария, экөө тең У. Шекспирдики; «Бернард Альбанын үйү» Мария Хасефа, Г. Лорка; «Күнөөсүз күнөөлүүлөрдө» Гальчиха, А. Островский; «Акылдан азапта» Княгиня, А. Грибоедов ж. б.) чебер ойногон. Кинодо 1957-ж. биринчи жолу «Муз жүрөк жөнүндө баян» фильминде Айнакандын ролун аткарып, кийин «Эрте жаздагы турналар», «Жамийла», «Караш-караш окуясы», «Бакайдын жайыты», «Бөрү зындан», «Кызыл алма», «Ак куулар конгон айдың көл», «Лифти бар үйдөгү тепкичте», «Он үчүнчү небере», «Арман», «Атадан калган туяк», «Куш өмүр», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Эл ичинде» көркөм тасмаларында мыкты образдарды жараткан. Өзгөчө Уркуянын энесинин («Отко таазим»), Карыздын («Ак кеме») бейнелери кыргыз киносундагы кайталангыс образдар болуп саналат. К. түрдүү пландагы масштабдуу мүнөз түзүүнүн өзгөчө чебери болгон. «Казакфильмдин» «Адам-бугу», «Боордошум», «Уул тууган», «Согуш учурундагы балдар» ж. б. тасмаларына тартылган. Акыркы ролдорунун бири «Курманжан датка» спектаклинде башкы каармандын ички жан-дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн, кеменгерлигин, даткалык милдеттин оорлугун жеткиликтүү ачып берген. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак» белгиси, «Эл достугу» ордендери ж-а «Ак шумкар» медалы м-н сыйланган.