КҮМБӨЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮМБӨЗ (ар. куббаэ – көмкөрүлгөн чатырча– фарсыча гомбед – көмкөрүлгөн асман) – бейит үстүнө салынуучу арх-ралык курулуш. Ал таш–кыш– темир– гранит– мрамор сыяктуу бышык материалдан курулат. К-дүн Египет пирамидасы (мис. Хеопс фараон пирамидасы)– кумпал­дуу азиялык К. Индияда ж-а Кичи Азияда аскага оюлуп жасалган К. сыяктуу түрлөрү бар. Cамаркандда Рухабаддын– Эмирдин (Гур-Эмир) ж. б. кумпалуу салынган К-дөр белгилүү. Кырг­ндун Өзгөн ш-нда үч күмбөз (11–12-к.)– Шах- Фазил күмбөзү (11–12-к.– Ала-Бука р-ну– Cафед- Булан кыш.)– Манастын күмбөзү (14-к.– Талас р-ну– Таш-Арык кыш.)– Чүй өрөөнүндө Байтиктин күмбөзү (19-к.) – Өзүбектин күмбөзү (1914) ж. б. эстелик К-дөр бар.