КИКБОКСИНГ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИКБО́КСИНГ</b> (англ. kick – бут м-н тебүү ж-а boxing – бокс) | <b type='title'>КИКБО́КСИНГ</b> (англ. kick – бут м-н тебүү ж-а boxing – бокс), чыгыш күрөштөрүнүн (каратэ, таеквондо, муай-тай ж. б.) ж-а англис боксу­нун негизинде түзүлгөн спорт түрү. Кокбоксингдин эре­жеси боюнча таймашта атаандашына багытталган кол м-н буттун соккулары күчтү толук колдо­нуу аркылуу жүргүзүлөт. Бут м-н иштөө ыкма­лары чыгыш күрөштөрүнөн, ал эми колдуку бокс­тан алынган. Кикбоксинг машыгуучулардан өзгөчө кара күч даярдыгын талап кылат. Ал АКШда ж-а Батыш Европада 1970–75-жылдары пайда болгон. Учур­дагы кикбоксингде жети негизги багыт бар: лайт-кон­такт, семи-контакт, фул-контакт, лоукик, тай- кикбоксинг, ошондой эле жакында эле пайда болгон жекече тай­маш ж-а киксбоксингдеги аэроби­ка. Бүгүнкү күндө киксбоксинг боюнча мелдештер бир нече уюм м-н өткөрүлөт. Бул иш-чаралардын негиздөөчүсү – эл аралык профес­сионалдык каратэ федерациясы (1968-жылы түзүлгөн). Кикбоксингдин ири уюму –WAKO (эл аралык киксбоксинг уюмдарынын ассоциациясы). Ага 89 өлкө мүчө. Ал Кикбоксингди сүйүүчүлөр ж-а профессионалдар арасында мелдештерди өткөрүүдө. Профессионал­дар арасында мелдештер эркин «хронологиялык схема» (профессионалдык бокста кабыл алынган рей­тинг системасы) боюнча жүргүзүлөт. Ал боюнча спорт­чу таймаштарды өткөзүп, жеңишке жетишип, тийиштүү рейтингге ээ болгондо өзүнүн салма­гы (мелдешти өткөргөн уюмдун аныктоосу) боюнча чемпиондукка талапкер катары саналат. Ан­дан кийин талапкер бул салмактагы чемпион м-н беттешет. Талапкер жеңишке жетишсе, ал жаңы чемпион аталат. Кикбоксинг жабдыктарына бокс мээлейи, шыйрак ж-а таман калканчалары, спорттук туулга, капа (тиштерди сактоочу ка­ражат), кыз-келиндер үчүн төшүн коргоочу ата­йын кошумча калканчтар кирет. Кикбоксинг сүйүүчүлөр­дүн таймашы 2 <i>мин</i>дан 3 раунд болот. Профес­сионалдардын рейтингдик таймашы 6–8 ра­унд, чемпион наамы үчүн 12 раунд өтөт. Кыргызста­нда кикбоксинг 1990-жылдардын башынан өнүгө баш­тап, көптөгөн спорт клубдары (<i>Гермес-Профи</i> ж. б.) ачылган. Анын өнүгүшүнө өзгөчө зор са­лымды А. <i>Воинов,</i> Э. Исмаилов, Ж. Сапаков ж. б. кошкон. Дүйнөгө таанымал кыргызстандык спорт­чулар – Ш. <i>Шадманов</i> (Кыргызстандан алгачкы дүйнө чемпиону), Ж. Амантаев, М. Борбашев, Р. <i>Аба­сов</i>, А. <i>Порсуков</i>, А. <i>Ибраев</i>, К. <i>Сыдыгалиев</i> ж. б. Республиканын 1-чемпионаты 1996-жылы Биш­кекте өткөрүлгөн. | ||
Ага 89 өлкө мүчө. Ал | |||
09:35, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИКБО́КСИНГ (англ. kick – бут м-н тебүү ж-а boxing – бокс), чыгыш күрөштөрүнүн (каратэ, таеквондо, муай-тай ж. б.) ж-а англис боксунун негизинде түзүлгөн спорт түрү. Кокбоксингдин эрежеси боюнча таймашта атаандашына багытталган кол м-н буттун соккулары күчтү толук колдонуу аркылуу жүргүзүлөт. Бут м-н иштөө ыкмалары чыгыш күрөштөрүнөн, ал эми колдуку бокстан алынган. Кикбоксинг машыгуучулардан өзгөчө кара күч даярдыгын талап кылат. Ал АКШда ж-а Батыш Европада 1970–75-жылдары пайда болгон. Учурдагы кикбоксингде жети негизги багыт бар: лайт-контакт, семи-контакт, фул-контакт, лоукик, тай- кикбоксинг, ошондой эле жакында эле пайда болгон жекече таймаш ж-а киксбоксингдеги аэробика. Бүгүнкү күндө киксбоксинг боюнча мелдештер бир нече уюм м-н өткөрүлөт. Бул иш-чаралардын негиздөөчүсү – эл аралык профессионалдык каратэ федерациясы (1968-жылы түзүлгөн). Кикбоксингдин ири уюму –WAKO (эл аралык киксбоксинг уюмдарынын ассоциациясы). Ага 89 өлкө мүчө. Ал Кикбоксингди сүйүүчүлөр ж-а профессионалдар арасында мелдештерди өткөрүүдө. Профессионалдар арасында мелдештер эркин «хронологиялык схема» (профессионалдык бокста кабыл алынган рейтинг системасы) боюнча жүргүзүлөт. Ал боюнча спортчу таймаштарды өткөзүп, жеңишке жетишип, тийиштүү рейтингге ээ болгондо өзүнүн салмагы (мелдешти өткөргөн уюмдун аныктоосу) боюнча чемпиондукка талапкер катары саналат. Андан кийин талапкер бул салмактагы чемпион м-н беттешет. Талапкер жеңишке жетишсе, ал жаңы чемпион аталат. Кикбоксинг жабдыктарына бокс мээлейи, шыйрак ж-а таман калканчалары, спорттук туулга, капа (тиштерди сактоочу каражат), кыз-келиндер үчүн төшүн коргоочу атайын кошумча калканчтар кирет. Кикбоксинг сүйүүчүлөрдүн таймашы 2 миндан 3 раунд болот. Профессионалдардын рейтингдик таймашы 6–8 раунд, чемпион наамы үчүн 12 раунд өтөт. Кыргызстанда кикбоксинг 1990-жылдардын башынан өнүгө баштап, көптөгөн спорт клубдары (Гермес-Профи ж. б.) ачылган. Анын өнүгүшүнө өзгөчө зор салымды А. Воинов, Э. Исмаилов, Ж. Сапаков ж. б. кошкон. Дүйнөгө таанымал кыргызстандык спортчулар – Ш. Шадманов (Кыргызстандан алгачкы дүйнө чемпиону), Ж. Амантаев, М. Борбашев, Р. Абасов, А. Порсуков, А. Ибраев, К. Сыдыгалиев ж. б. Республиканын 1-чемпионаты 1996-жылы Бишкекте өткөрүлгөн.
Ад.: Линдер И. Б., Оранский И. В. Боевые искусства Востока. Маленькие «секреты» больших школ. М., 1992; История боевых искусств. От нового света до Черного континента. М., 1997; Гагонин А. С., Гагонин С. Г. Психотехника рукопашной схватки. СПб., 1999; Тарас А. Е. Французский бокс сават: история и техника. Минск, 2001.
Б. Үсөнканов.