КЕЛДИБЕКОВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КЕЛДИБЕКОВ Ахматбек to КЕЛДИБЕКОВ over redirect) |
(Айырма жок)
| |
09:18, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕЛДИБЕКОВ Ахматбек (15. 6. 1966, Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон кыштагы) – мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2010). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти (2007).

Воронеж (Россия) политехникалык институтун (1990), Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин (1999), Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын (2010) бүтүргөн. 1990–1992-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясына караштуу «Импульс» илимий-изилдөө борборунда инженер, улук инженер, 1992–1993-жылдары машина куруу институтунда директордун орун басары, 1993–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинде башкы адис, 1995–1998-жылдары бөлүм башчы, 1998–2001-жылдары башкармалыктын башчысы, 2001–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, 2002–2005-жылдары Кыргыз Республикасынын пенсиялык фондунун төрагасы, 2008–2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Салык жыйноо жана чогултуу боюнча комитетинин төрагасы, 2009–2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, 2010–2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (3- жана 5-чакырылыштары). Салык кызматынын 2-рангадагы (2009), мамлекеттик кызматтын 1-класстагы (2011) мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жана Бозок университетинин (Йозгат шаары, Түркия) ардактуу профессору (2011). 2 монографиясы, 30дан ашык макаласы, 8 автордук күбөлүгү бар. «Даңк» медалы жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн «Шериктештик» ордени менен сыйланган.