КОНВЕКЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОНВЕ́КЦИЯ (лат. convectio – алып келүү, жеткирүү) – суюктук, газ же чубурма заттуу чөйрөдө алардын бөлүкчөлөрүнүн которулушунан ал чөйрөдө массанын, жылуулуктун ж. б. алмашуусу. К. табигый (эркин), аргасыз ж-а капиллярдык болот. Т а б и г ы й К. – агуучу же
чубурма заттардын бирдей эмес ысышынан (мис., астынан жылуулук берилсе) оордук күчүнүн талаасында пайда болот. Мис., бөлмөнү жылытууда (меш же жылыткыч радиатор) абанын кыймылы эркин К. болуп эсептелет. Темпра жогорулаганда, абанын тыгыздыгы азайып, ал өйдө карай көтөрүлөт, ал эми муздак аба ылдый түшөт. Эркин К. процесси темп-ра теңелгенге чейин уланат, анын ургаалдуулугу чөйрө катмарларынын ортосундагы темп-ранын айырмасына, жылуулук өткөрүмдүүлүгүнө ж-а илээшкектигине көз каранды. А р г а с ы з К. атайын сырткы мех. таасирден (насос, аралаштыргыч ж. б.) пайда болот, мис., бөлмөнүн ичинде вентилятордун же кондиционердин таасири астында абанын кыймылы, гидронасостун таасири астында түтүктөгү суюктуктун кыймылы. К ап и л л я р д ы к К. суюктуктун эркин беттик тегиздигинде беттик тартылуу айырмасында пайда болот. Айырмалар темп-ра өзгөргөндө, беттик активдүү заттар таасир эткенде болот. Капиллярдык К-нын ургаалдуулугу өтө кичине. Космос тармагында, атм-дан сырткары
чөйрөдөгү эркин учууларда, салмаксыз абалда эркин К. азайганда капиллярдык К-нын мааниси өсө баштайт. К. техникада чоң роль ойноп, табиятта көп кездешет, мис., атм-да аба массасынын ж-а деңиз м-н океандарда суу массаларынын которулушу К-га мисал болот.