КОМПРЕССОР СТАНЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОМПРЕ́ССОР СТАНЦИЯСЫ – өндүрүш ишка­наларында, магистралдык түтүктөрдө ж-а ку­рулуш объектилеринде кысылган аба же газ алууда пайдаланылуучу агрегаттар комплекси.

Кысылган аба же газ ар кандай продукцияны

алууда (мис., абадан кычкылтекти, азот-суутек аралашмасынан аммиакты) энергия булагы же сырьё катары колдонулат. К. с-нын курамына компрессорлор ж-а көмөкчү жабдуулар м-н тү­зүлмөлөр – (кысылган газ сакталуучу көлөмдүү идиш, газ чогулткуч, суу бергич ж. б.) жайгаш­тырылган инж. коммуникация тармагы (муз­дак, ысык суу, буу жүргүч, канализация), не­гизги имарат, трансформатор подстанциясы, о. эле тиричилик бөлмөлөрү кирет. К. с. отко чыдамдуу материалдар м-н жабылып, күйбөй турган тосмо м-н бөлүнгөн өзүнчө имаратка жай­гаштырылат.