КОМПЛЕКСТҮҮ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОМПЛЕКСТҮҮ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР – курамында ар кандай катышта эки, үч же андан көп азык элементтери (азот, фосфор, калий ж-а микроэлементтер) бар жер семирткичтер. К. ж. с. азык элементтеринин санына жараша экилтик (азот-калий, калий-фосфор, азот-фосфор) ж-а
үчилтик (азот-фосфор-калий) деп бөлүнөт.
Өндүрүп алуу ыкмасына жараша татаал, татаал аралашма ж-а аралашма, агрегаттык абалы б-ча – суюк ж-а катуу болуп да айырмаланат. Татаал К. ж. с-ге аммофос, диаммофос, калий селитрасы, полифосфаттар таандык. Татаал аралашма К. ж. с. экиден кем эмес азык
заттарын камтыйт да, бирдиктүү технол. Про-
цесстин негизинде аммиактын, фосфор, азот ж-а күкүрт к-таларынын, аммоний нитратынын эритмесинин, фосфориттин ж-а аппатиттин, калий туздарынын ж. б. алгачкы компоненттеринин хим. өз ара аракеттенүүсүнөн алынат. Буларга нитрофоска, нитроаммафос, мочевина фосфаты, фосфор амиди кирет. Аралашма жер семирткичтер эки, үч жөнөкөй жер семирткичтерди мех. жол м-н аралаштыруудан алынат. Мында семирткичтерди аралаштыруу эрежесин туура сактоо талап кылынат.
Ад.: Войтович Н. В., Андреев С. С., Шафран С. А.
Ассортимент минеральных удобрений и экономическая эффективность их применения. М., 2005.
Н. Дүйшөмбиев.