КОМПЛЕКСТҮҮ БИРИКМЕЛЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОМПЛЕКСТҮҮ БИРИКМЕЛЕР – эритмеде кристалл торчонун түйүндөрүндө өз алдынча сактала турган комплекстүү ион жайгашкан бирикмелер. Бир же бир нече молекула же ион м-н белгилүү бир валенттик абалда байланышкан металлдын, кээде металл эместин атомунан турган татаал ион комплекстүү ион деп аталат. К. б. комплекстүү анионду, комплекстүү катионду кармап турушу, же болбосо такыр эле ионго диссоциацияланбашы мүмкүн. Координациялык теориянын көз карашы б-ча ар кандай К. б-дин молекуласында оң заряддалган ион борб. орунду ээлеп, комплекс пайда кылуучу же борб. ион деп аталат. Анын айланасында карама-каршы заряддалган бир нече ион же электр нейтралдуу молекулалар – лиганддар жайгашат да, К. б-дин ички координациялык чөйрөсүн, ички чөйрөгө батпай калган иондор сырткы координациялык чөйрөнү түзөт. Борб. ионду курчап турган лиганддардын саны координациялык сан деп аталат. Комплекстин ички чөйрөсү эригенде туруктуулугун сактайт, сырткы чөйрөдө жайгашкан иондор эритмеде оңой эле ажырайт. Ошондуктан ички чөйрөдө иондор борб. атом м-н иондуу эмес, сырткы чөйрөдө болсо, иондуу байланышкан. Мис., РtСl–2КСl комплекстүү тузунун координациялык формуласы: К2[РtCl6]. Мында ички чөйрө кычкылдануунун даражасы 4+ болгон платинанын борб. атомунан ж-а хлор иондорунан турат, ал эми калий иону сырткы чөйрөдөн орун алат. Көптөгөн К. б-дин координациялык санын аныктоо м-н, А. Вернер борб. иондун заряды координациялык санга таасир этүүчү негизги фактор деген. К. б-ди атоо ички чөйрөнүн курамын көрсөтүүдөн башталат, андан кийин борб. атому аталат ж-а анын кычкылдануу даражасы көрсөтүлөт. Анализ химиясында бир катар металлды бөлүп ж-а аларды өтө тазалыкта алуу үчүн гальваностегияда, боё- гуч зат, сууну жумшартууда колдонулат. Көптөгөн К. б. – В12 витамини, гемоглобин, хлорофилл ж. б. физиол. ж-а биохим. процесстерде өтө чоң роль ойнойт.
Ад.: Киселев Ю. М., Добрынина Н. А. Химия координационных соединений. М., 2007.
К. Сулайманкулов.