КОМПИЛЯТОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОМПИЛЯ́ТОР (англ. сompiler), т р а н с л я­т о р – ЭЭМдин алгоритмди программалоонун бир тилинен экинчисине, б. а. машина тилине


автоматтык которууга арналган программасы. Эгерде интерпретатордо ЭЭМге киргизилип жат­кан программанын ар бир буйругу (оператор) киргизилери м-н машина тилине которулса, ал эми К-до программа толук киргизилгенден ки­йин гана машина тилине которулат. К. баш­тапкы программаны объективдүү программага которуу учурунда баштапкы программанын син­таксиси ж-а эсептөөдө же салыштырууда кол­донулуучу берилиштер программада аныктал­гандыгын текшерет. К. баштапкы коддо жазыл­ган программадагы программалоо тилинин эре­желери ж-а синтаксиси бузулган көрсөтмөлөр тизмесин түзөт. Тизме баштапкы программада зарыл болгон оңдоолорду жүргүзүүгө ж-а про­грамманы түзөтүүдө программачыга жардам берет.