КОМЕНДАНТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОМЕНДА́НТ (фр. commandant – командир, башчы) – 1) ар түрдүү мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү жооптуу кызмат адамы (офицер же генерал). 16-к-дан чеп гарнизонунун начальни­ги К. деп аталган. Россияга К. кызматын (об­лустун башкаруучусу К., провинцияныкы обер- К.) 18-к-дын башында Пётр I киргизген. 1715- жылдан гарнизондун начальниги, кээде (обер- К.) вице-губернатор кызматын аткарган. Ки­йинчерээк шаардык К. пайда болуп, коомдук жайларда, көчөдө аскер кызматкерлеринин ас­кер тартибин сакташын камсыз кылып, гарни­зондогу кароол ж-а күзөт кызматын уюштуруп, анын туура аткарылышына жооп берген; 2) бир мекемеге же окуу жайына тиешелүү үйдүн (жа­такана) чарба башкаруучусу.