КОМЕДИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОМЕ́ДИЯ (гр. k–m–dia) – драмадагы жанр, күлкүлүү, тамашалуу ж-а сатиралык мазмундагы драмалык чыгарма; трагедиянын карамакаршысы. Байыркы Грекияда «К.» термини адегенде шайыр ыр деген маанини туюндурган– финалы бактылуу аяктаган чыгарманы К. деп аташкан. К-нын каарманы, эреже катары, төмөнкү катмардагы адамдар болгон. Классицизмге чейинки көп поэтикаларда К. «пас» жанр катары каралган. К. 19-к-да– айрыкча 20-к-да эркин ж-а көп кырдуу жанрга айланган. К-да

коомдук идеалга же нормага сыйбаган терс көрүнүштөр, кыял-жоруктар сындалат, шылдыңдалат, ошондуктан ага юмор, ирония, сатира да мүнөздүү болуп, кандайдыр бир мазмун сыйдырылат. К-нын диапазону өтө кеңири: ал саясий сатирадан жеңил водевилдик юморго чейинки жанрды камтыйт. Коомдук-саясий сатираны жараткан Аристофанды К-нын атасы деп аташат. Дүйнөлүк ад-тта К-нын өнүгүшүнө анын классикалык үлгүлөрүн жараткан грек Менандр, римдик Теренций, испан Лопе де Вега, англис У. Шекспир, француз Мольер, орус А. С. Грибоедов, Н. В. Гоголь, А. Н. Островский, А. П. Чехов ж. б. зор салым кошушту. Кыргыз драматургиясында К. жанрын калыптандырууда ж-а өнүктүрүүдө кыргыз ад-тынын көрүнүктүү чеберлери К. Жантөшев («Ким кантти?»), Р. Шүкүрбеков («Эки дос»), М. Алыбаев («Курорттогу окуя»), Т. Абдумомунов («Машырбек үйлөнөт») ж. б. К-га кайрылышты.
Ад.: Штейн А. Л. Веселое искусство комедии. М.,
1990; Андреев М. Л. На границах комедии. М., 2002.