КОЛЫМА ТАЙПАК ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЛЫМА́ ТАЙПАК ТООСУ , Г ы д а н негизи­нен Магадан обл-нун аймагында, Түн.-Чыгыш Сибирде жайгашкан. Сунтар-Хаята кырка тоо­сунан чыгышты, Кичи-Анюй д-нын өрөөнүнөн түн.-чыгышты карай Анадырь д-нын башаты­на чейин 1300 кмге созулуп, Колыма д-нын ала­бын Тынч океандын алабынан бөлүп турат. Түш.-батыш бөлүгүнүн рельефинде платолор, орто бийиктеги (1500–1800 м) кыска кырка тоо­лор ж-а граниттүү массивдер басымдуу. Түн.- чыгышында өтө тилмеленген орто бийик кыр­ка тоолор ж-а массивдер жайгашып, тектон. ойдуңдар м-н бөлүнгөн. Эң бийик жери 1903 м (Омсукчан кырка тоосунда). Коркодон ж-а Олой д-нын аралыгында плато сымал зор Омолой массиви өзгөчөлөнүп турат. Негизги кен байлык­тары: алтын, калай, сейрек металл кендери, таш ж-а күрөң көмүр, ысык суу булактары. Өрөөн­дөрүн ж-а тоо этектерин кара карагайлуу сей­рек токой ээлеп, 500–800 м бийикте бадалдуу ж-а мамык чөп-эңилчектүү тоо тундрасы м-н ал­машат (К. т. т-нун 2/4 аянтын ээлейт). Өрөөндүн таманына жайылма токою мүнөздүү. Лыжа ту­ризми өнүккөн.