КОЛПАКОВСКИЙ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЛПАКО́ВСКИЙ МӨҢГҮСҮ – Тескей Ала-Тоо­нун түш. капталындагы татаал өрөөн тибинде­ги эң ири мөңгү. Сары-Жаз суусунун оң куйма­сы Үч-Көлдүн алабында жайгашкан. Уз. 10 км, туурасы 1–1,1 км, аянты 30,7 км2, калыңдыгы 90–120 м, абляцияcынын аянты 9,2 км2. Мөң­гүнүн башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 3660 м би- йикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300–4350 м. «Тилинин» калыңдыгы 50 м. Мөңгү 1869-жыл­дан бери 1300 мге тартылган. Мөңгүдөн баш­талган суу Үч-Көл суусунун жогорку агымы Са­ры-Чатка сол тараптан куят. Орус генералы Г. А. Колпаковскийдин ысмынан аталган.