КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК – 1) кол эмгегине негиздел­ген майда өндүрүш; ири машина индустриясы пайда болгонго чейин ө. ж. буюмдарын колго жасоо. К. ө. байыркы заманда эле пайда бол­гон. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжа­сында ү й К. ө., ө т ү н ү ч К. ө. ж-а б а­з а р К. ө. болуп бөлүнөт. Үй К. ө. өз керектөөсүн камсыз кылуу үчүн буюм жасайт. Ал чарбанын башка тармагынан бөлүнбөстөн, өндүрүштө эм­гектенген адамдардын жардамчы кесиби болгон.
Үй К. ө. натуралай чарбага таандык болуп, анын элементтери м-н өсүп-өнүккөн. Эмгектин коом­дук бөлүнүшүнүн өнүгүшү натуралай чарбаны бүлүндүрүп, К. ө-тү көбөйтөт. Ал а. ч-дан бөлү­нүп, өтүнүч ж-а базар кол өнөрчүлүгүнө ажы­райт. Өтүнүч кол өнөрчүлүгү – устанын же кар­дардын өз сырьёсунан буюм жасоо өндүрүшү. Бул учурда кол өнөрчүлөр а. ч. ишинде көп иштеге­ни м-н ө. ж. эмгегин аткаруучу бөтөнчө топко айланат. Базар кол өнөрчүлүгү – майда товар өндүрүшү. Кол өнөрчү буюмду керектөөчүгө жерг. базарда же соодагер аркылуу сатат. О. эле Рос­сияда да дыйкан кол өнөрчүлүгү, шаар кол өнөр­чүлүгү сыяктуу К. ө-түн түрлөрү болгон; 2) уста, уз, зергерлердин байыртадан муундан муунга му­рас катары өткөн асем буюмдарды жаратуучу кесиби; улуттук мад-ттын ажырагыс бөлүгү, калктын тарыхый эстелиги, калк казынасы, че­берчиликтин натыйжасы. Кыргыздын кол өнөр­чүлүгү мал чарбачылыкка байланыштуу, көчмөн турмуштун негизинде өнүккөн. К. ө-тө жүн, тери, кыл, мүйүз, сөөк, жыгач, чий, темир, күмүш, жез, калай, акак, таш, шуру, мончок, седеп ж. б. кеңири колдонулган. Өсүмдүк тамырынан, кабыгынан ж-а жалбырагынан боёк даярдап, анык чеберлер таң каларлык буюмдарды жара­тышкан. К. ө-түн түрлөрүнө: оймочулук (шыр­дак, жабык баш), саймачылык (жүз аарчы, суу жоолук, белдемчи, туш кийиз), зергерчилик (ша­кек, сөйкө, билерик, чолпу, кемер кур, ат жаб­дыктары), мүйүзчүлүк (кыз-келиндердин асем буюмдары, тарак, абалак, чакча), жыгаччылык (боз үй жасалгалары, үй эмеректери, ат жабдык­тары, комуз), кырмачылык (идиш-аяктар ж. б.), чырмакчылык (чыгдан, канат чий), темирчилик (тулга, капкан, ооздук, тогоо ж. б. ат жабдык­тары), түймөчүлүк (тегирич, чачы), өрмөчүлүк (камчы, жүгөн, куюшкан, басмайыл, көмөлдү­рүк, чидер), өрмөкчүлүк (таар, шалча, чепкен, кап), бычмачылык (кийимдер), куракчылык (жер төшөк, туш кийиз, килемче ж. б.), ташчылык (жаргылчак, тегирмен), теричилик (шири, ка­йыш), килемчилик (килем токуу), боёкчулук (жүн боёо), эшмечилик (чылбыр), кытаттоо (тери ж. б.) өңдүүлөр кирет. Учурда чеберлер байырта­дан келе жаткан элдик ыкмаларды кеңири пай­даланып, К. ө-тү андан ары өнүктүрүүдө. Борбо­рубуздагы «Кыял» ж-а жер-жерлердеги К. ө. би­рикмелер жараткан салттык көркөм буюмдар чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусун туудурууда.


Ад.: Рыбаков Б. А. Ремесло Древней Руси. М., 1948; Акматалиев А. Көркөм кол өнөрчүлүк. Ф., 1984.