КОЛОРИМЕТРИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛОРИМЕ́ТРИЯ ф и з и к а д а – түстү өлчөө ж-а аны сан жагынан туюнтуу ыкмалары ж-дөгү илим. Ал 3 негизги түстү тандап алган системада түстүн координатасын аныктайт. К-да түстүн мүнөздөмөсү үч өлчөм, б. а. сан жагынан өз ара байланышкан үч параметр м-н туюнтулат. Ошондуктан, К-да түс сызыктуу мейкиндиктеги үч компоненттүү вектор катары сүрөттөлөт. Мүнөздөлүүчү нурланууну туюнткан үч нурлануунун түсү негизги түстөр деп аталат.
Ар бири калган экөөнүн кошулушу аркылуу алынбайтурганкаалаганүчтүснегизгитүстөрдү түзөт. Кызыл, жашыл ж-а көк сыяктуу негизги түстөрдөн турган К-лык система өтө кеңири колдонулат. Булардын аралашмасынан турмушта кездешкен бардык түстөрдү алууга болот.