КОЛЛАПС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЛЛА́ПС (лат. collapsus – жыгылган) – арте­рия ж-а венада кан басымынын төмөндөшү, зат алмашуунун бузулушу м-н мүнөздөлгөн өмүргө коркунучтуу абал. Инфекциядан, уулануудан, канды көп жоготуудан, кан тамыр жабырка­ганда, катуу кармаган миокарддын инфаркты ж. б. патол. абалдарда пайда болот. К-та жү­рөккө кан аз келип, тиричилик үчүн маанилүү органдарды кан м-н камсыздоо начарлап, гипок­сия пайда болот. Оорулуунун өңү кубарып, муз­дак тер басат, колу-буту муздайт, көзү чүңүрөйүп, жаагы шимирилет. Артерия басымы кескин тө­мөндөп, тамыры солгун согот, энтигип тез-тез дем алат. Дене темп-расы 35°Сна чейин төмөн­дөйт, көзү караңгылап, кээде эстен танат. Оор К. өлүмгө алып келиши мүмкүн. Дарылоо оору­канада жүргүзүлүп, кан тамыр ж-а дем алуу борборун козгоочу, кан тамырды тарытуучу да­рыларды шашылыш түрдө берүү, кан ж-а кан ордуна куюлуучу суюктуктарды куюу керек.