КОЛДОН УРУКТАНДЫРУУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЛДОН УРУКТАНДЫРУУ , ж а с а л м а к у у т – уруктандыруу үчүн жаныбарлардын жыныс клеткаларын жасалма жалгоо ыкмасы. Уруктануусу организмден сырткары өтүүчү балыктардын икрасы эркегинин уругу м-н аралаштырылып, атайын инкубатордо өстүрүлөт. Уруктануусу организмдин өзүндө жүрүүчү сүт эмүүчүлөр м-н куштарда урук (эякулят) атайын аспаптар м-н ургаачысынын жыныс органдарына жиберилет. К. у. мал чарбасында кеңири колдонулат. Бул ыкма аркылуу тукумунун сапаты текшерилген баалуу тукумдук малды көбүрөөк пайдаланууга болот (буканын бир жолку уругу м-н 200 ж-а андан көп уй уруктандырылат); малдын тукумдук ж-а продукттуулук сапаты жакшырат; жугуштуу ылаңдар (вибриоз, трихомоноз ж. б.) ж-а кысыр калуу азаят. Алгач С. Якоби (1765, Германия) К. у. ыкмасын сунуш кылган. К. у-нун теор. негизин ж-а ишке ашыруу принциптерин сов. биолог И. И. Иванов иштеп чыккан. К. у. 5 процессти камтыйт: тукумдук малдын уругун алуу, анын сапатын баалоо, суюлтуу, сактоо ж-а ургаачы малдын жыныс органдарына салуу. Малдын физиол. өзгөчөлүктөрүнө жараша урук жыныс органына, жатынга, жатын оозундагы каналга, урук жылуучу түтүккө салынат.