КОКУЙ ТИКЕН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОКУЙ ТИКЕН (Cousinia) – өсүмдүктөрдүн та­таал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, чан­да эки жылдык чөп. Сабагы түз, көп бутактуу, жалбырагы кезектешип жайгашкан, жээги те­гиз же бир, эки, үч ирет тилкелүү, катуу, тикен­дүү, чандасы гана тикенсиз. Жалбырактары не­гизинен тамыр моюнчасына топтолгон, сабагын­да жогорулаган сайын майдараак. Гүлү ар кан­дай санда, кош жыныстуу, ар бир сабактын учунда жалгыздан же калемчедей, шыпыргы­дай, калканчадай топ гүлдү түзөт. Гүлү түтүкчө­дөй, желекчелери мала же көгүш кызыл, мала көк, сары. Аталыгы 5, энелиги бирөө, мөмөсү – урукча, ак же саргыч үпүлүү. Жер жүзүндө 600 түрү Чыгыш Азияда, Жуңгар, Кашкар, Гима­лайда таралган, Кырг-нда 80ге жакын түрү өрөөндөн тартып, бийик тоолорго чейин тарал­ган. Айрымдары – шалбаадагы, айдоодогу зы­яндуу отоо чөп. Кээ биринде пайдалуу микро­ж-а макроэлементтер, кант ж. б. заттар көп.