КОКСТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОКСТОО – табигый отундарды, көбүнчө таш көмүрдү абасыз чөйрөдө 900 –1050°Сге чейин ысытуу м-н кайра иштетүү. К-дон учма заттар ж-а кокс деп аталуучу катуу калдык алынат. К-до 350°Сге чейин ысытууда суу буусу, көмүртек оксиди ж-а кош кычкылы, чайыр буусу бөлүнүп чыгып, көмүр жумшарып, чоюлчаак түргө өтөт. 500–550°Сде жумшарган көмүр ажырап, аромат­тык нафтен, парафин углеводороддорунан тур­ган чайыр продуктулары (чала кокс) пайда бо­лот. 700°Сден жогору чала кокс толугу м-н кокс­ка айланат. Алынган кокс суу же инерттүү газ­дар м-н муздатылып, ар түрдүү сортторго бөлү­нөт. Кайра иштетилүүчү 1 т көмүр аралашмасы­нан 700–800 кг кокс, 20–40 кг чайыр, 8–12 кг чийки бензол, 280–340 м3 кокс газы ж-а 2–4 м3 аммиак алынат. Нефтини ажыратуудан пайда болгон мазутту, битумду, гудронду К-до (450– 500°Сге чейин ысытуудан) бензин ж-а күлү жок нефть коксу алынат.

Г. Батракеева.