КОЙСАРЫ БИЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЙСАРЫ БИЙ (т. ж. б. – 1670-жылдан кийин өлгөн) – чоң багыш уруусунун бийи. Моголстан ханы Абдуллага (Абдаллах) (1638–69/70) байланыштуу эскерилет. Ал Ошту каратып келатып, Беш-Буйнак деген жерден К. б., Кара-Кучук бий, Йол-Болду бий, Уч-Куртка бий, Афат, Шады ж. б. жетектеген кыргыздардан жеңилүүгө учураган. Кийин Абдулла хан кайрадан кыргыздарга каршы аттанып, Нарын д-нын жээгинде жашаган кыргыздарды чаап кеткенде, К. б., Йол-Болду бий ж. б. артынан барып, Ак-Сайда хандын колуна сокку берген. К. б. ж-дө маалымат анын Кашкар ш-на аким болушу, бирок, хандыкка Исмаил келгенде аны түшүрүп, ордуна К. б-дин уулу Күчүктү дайындашы м-н аяктайт. Көп узабай Сузук, Касым ж. б. бектер козголоң уюштуруп, К. б-ге кошуп 25 кишинин башы алынган.
Ад.: Тарих-и Кашгар. Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2002.
Т. Асанов.