КОЗУ КАРЫНДАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЗУ КАРЫНДАР</b> (Fungi, Mycota же Myсe- talia) – тирүү организмдердин чоң тобу; жөнөкөй | <b type='title'>КОЗУ КАРЫНДАР</b> (Fungi, Mycota же Myсe- talia) – тирүү организмдердин чоң тобу; жөнөкөй түзүлүштүү, хлорофиллсиз, тез өсүүчү, фотосин­тези жок, даяр органикалык заттарга муктаж, осмотроф­туу гетеротроф организмдер. Көпчүлүк козу карындын вегетация денеси мицелий түрүндө ичке, узуну­нан өсүп бутактануучу жипчелерден (гифтерден) же бүчүрлөө жолу м-н көбөйүүчү тоголок, жу­муру клеткалардан (ачыткы козу карын), эң жөнөкөйлөрүнүкү кабыксыз протоплазмадан турат. Козу карындар бир клеткалуу (жөнөкөй) ж-а көп клеткалуу (татаал) болуп бөлүнөт. Клеткасы целлюлоза, хитинден турган калың кабык м-н капталган. Козу карындарда вегетация денесинен (мице­лийден) башка тукумдук дене пайда болот да, андан споралар калыптанат. Көбүнчө жыныс­сыз жол м-н көбөйөт. Жыныс жолу м-н көбөйүү­сү <i>споралар</i> аркылуу жүрөт. Споралар бир же көп клеткадан туруп, түрдүү формада ж-а түстө болот. Азык субстратына жараша мителер, сап- | ||
түзүлүштүү, хлорофиллсиз, тез өсүүчү, фотосин­тези жок, даяр | |||
[[File:КОЗУ КАРЫНДАР46.png | thumb | Козу карындар: Желе турган козу карындар: 1 – ак козу карын; 2 – подосиновик; 3 – жашыл маховик; 4– кайың түбүндө өсүүчү козу ка­рын; 5 – маслёнок; 6 – рыжик; 7– жашыл сыроежка; 8 – кызыл сыроежка; 9 – сары сыроежка; 10 – вешенка; 11 – чатыр козу карын; 12 – опята; 13 – шампиньон.]] | [[File:КОЗУ КАРЫНДАР46.png | thumb | Козу карындар: Желе турган козу карындар: 1 – ак козу карын; 2 – подосиновик; 3 – жашыл маховик; 4– кайың түбүндө өсүүчү козу ка­рын; 5 – маслёнок; 6 – рыжик; 7– жашыл сыроежка; 8 – кызыл сыроежка; 9 – сары сыроежка; 10 – вешенка; 11 – чатыр козу карын; 12 – опята; 13 – шампиньон.]] | ||
| 7 сап: | 6 сап: | ||
[[File:КОЗУ КАРЫНДАР47.png | thumb | Уулуу козу карындар: 1 – кызыл мухомор; 2 – са­сык мухомор; 3 – темгилдүү мухомор; 4 – жалган опята; 5 – куу поганка; 6 – сары поганка.]] | [[File:КОЗУ КАРЫНДАР47.png | thumb | Уулуу козу карындар: 1 – кызыл мухомор; 2 – са­сык мухомор; 3 – темгилдүү мухомор; 4 – жалган опята; 5 – куу поганка; 6 – сары поганка.]] | ||
органикалык заттары м-н азыктанат. Симбионттор гүлдүү өсүмдүк­төрдүн тамыры м-н микориза­ны, балырлар м-н бирге жа­шап, эңилчектерди пайда кы­лат. Табиятта көпчүлүк козу карындар узакка жашай албайт. Мице­лийи бир нече суткада өөрчүп, спораны пайда кылат да, өзү­нүн өсүшүн токтотот. Көп жыл­дык мицелийлүү козу карындар да бар. Көбүнүн споралары кургакта ондогон жылдар тиричилик­ке жөндөмдүүлүгүн сактайт. Козу карындар царствосу 3 бөлүмдөн турат. Кадимки козу карындардын 4 классы (фикомицеттер, <i>аско­мицеттер, базидиомицеттер</i> ж-а жетилген козу карындар), 100 миңден ашык түрү бар. Кыргызстанда козу карындардын 2100дөн ашык түрү белгилүү, анын ичинде тамак-аш катары колдонулуучу 98 түрү аныкталган. Козу карындардын көбү өсүмдүк илдетин, ай­рымдары адам ооруларын (таз, трихофития, кандидомикоз ж. б.) пайда кылат. Айрымдары­нан витамин, антибиотик, лимон кислотасы ж. б. алынат. Ачыткы козу кардар нан, пиво ачытууда ке­ректелет. Уу бөлүп чыгаруучулары да бар. Ай­рым түрү жыгач курулуштарын бузат, сактаган мөмөлөрдү, техникалык өсүмдүктөрдү чиритет. | |||
ж-а жетилген | |||
Ад.: <i>Лессо Т.</i> Грибы Определитель. М., 2003; <i>Морфнина О. Е.</i> Антропогенная экология косвенных грибов. М., 2005. | |||
Ад.: <i>Лессо Т.</i> Грибы Определитель. М., 2003; | |||
<i>Морфнина О. Е.</i> Антропогенная экология косвенных грибов. М., 2005. | |||
<p align='right'><i type='author'>Ж. Карабекова.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ж. Карабекова.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
10:42, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЗУ КАРЫНДАР (Fungi, Mycota же Myсe- talia) – тирүү организмдердин чоң тобу; жөнөкөй түзүлүштүү, хлорофиллсиз, тез өсүүчү, фотосинтези жок, даяр органикалык заттарга муктаж, осмотрофтуу гетеротроф организмдер. Көпчүлүк козу карындын вегетация денеси мицелий түрүндө ичке, узунунан өсүп бутактануучу жипчелерден (гифтерден) же бүчүрлөө жолу м-н көбөйүүчү тоголок, жумуру клеткалардан (ачыткы козу карын), эң жөнөкөйлөрүнүкү кабыксыз протоплазмадан турат. Козу карындар бир клеткалуу (жөнөкөй) ж-а көп клеткалуу (татаал) болуп бөлүнөт. Клеткасы целлюлоза, хитинден турган калың кабык м-н капталган. Козу карындарда вегетация денесинен (мицелийден) башка тукумдук дене пайда болот да, андан споралар калыптанат. Көбүнчө жыныссыз жол м-н көбөйөт. Жыныс жолу м-н көбөйүүсү споралар аркылуу жүрөт. Споралар бир же көп клеткадан туруп, түрдүү формада ж-а түстө болот. Азык субстратына жараша мителер, сап-

рофиттер ж-а симбионтторго бөлүнөт. Мителери (грибоктор) адам, айбанат ж-а өсүмдүктөрдүн оорусун козгойт. Сапрофиттер өлгөн ткандын

органикалык заттары м-н азыктанат. Симбионттор гүлдүү өсүмдүктөрдүн тамыры м-н микоризаны, балырлар м-н бирге жашап, эңилчектерди пайда кылат. Табиятта көпчүлүк козу карындар узакка жашай албайт. Мицелийи бир нече суткада өөрчүп, спораны пайда кылат да, өзүнүн өсүшүн токтотот. Көп жылдык мицелийлүү козу карындар да бар. Көбүнүн споралары кургакта ондогон жылдар тиричиликке жөндөмдүүлүгүн сактайт. Козу карындар царствосу 3 бөлүмдөн турат. Кадимки козу карындардын 4 классы (фикомицеттер, аскомицеттер, базидиомицеттер ж-а жетилген козу карындар), 100 миңден ашык түрү бар. Кыргызстанда козу карындардын 2100дөн ашык түрү белгилүү, анын ичинде тамак-аш катары колдонулуучу 98 түрү аныкталган. Козу карындардын көбү өсүмдүк илдетин, айрымдары адам ооруларын (таз, трихофития, кандидомикоз ж. б.) пайда кылат. Айрымдарынан витамин, антибиотик, лимон кислотасы ж. б. алынат. Ачыткы козу кардар нан, пиво ачытууда керектелет. Уу бөлүп чыгаруучулары да бар. Айрым түрү жыгач курулуштарын бузат, сактаган мөмөлөрдү, техникалык өсүмдүктөрдү чиритет.
Ад.: Лессо Т. Грибы Определитель. М., 2003; Морфнина О. Е. Антропогенная экология косвенных грибов. М., 2005.
Ж. Карабекова.