КОБАН МАДАНИЯТЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОБА́Н МАДАНИЯТЫ – Түн. Кавказдын борб. бөлүгүндөгү коло кылымынын аягы – темир кы­лымынын башына таандык (б. з. ч. 1-миң жыл­дыктын 1-жарымы) археол. эстелик. Түн. Осе­тиядагы Кобан кыш-нын атынан аталган. К. м. көрүстөндөр, турак жайлар ж-а буюм калдыкта­ры м-н илимге белгилүү. К. м-нын адамдары өлүктөрдү бүгүп, таш үкөктөргө салып, ар кан­дай тиричилик буюмдары – канжар, уңгулуу коло балта, спираль түрүндөгү билерик ж. б. м-н бирге көмүшкөн. Алар кээ бир буюмдарын «айбандар стили» деп аталган скиф иск-во­сунун ыкмасында кооздоп жасашкан. К. м-нын адамдары уруу-уруу болуп, кичинекей кыштак­чаларда жашаган. Булардын арасынан Змей-

Тлиа кыштагына жакын (Түш. Осе­тия) көрүстөндөн таб ылга н к оло буюмдар: 1–2 – курдун тогоолору 3 – догоо сымал фибула; 4 – ил­мек; 5 – идиш; 6– балта; 7 – би­лерик (Б. В. Те­ховдуку б-ча).

ский журту айрыкча белгилүү. Мал чарбачылык, аңчылык, кол өнөрчүлүк, дыйканчылык м-н ке­сип кылышып, тоо кендерин да иштете билиш­кен. Уруу жол башчыларынын колунда байлык топтоло баштаган. К. м-нын адамдары Алдың­кы Азия ж-а Днепр бойлорунда жашаган элдер м-н маданий, экон. байланышта болушкан.