КЛИЧКО Владимир Владимирович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЛИЧКО́ Владимир Владимирович (25. 3. 1976- ж. т., Казакстан, Солнечный шаарчасы) – ук­раиналык профессионал бокс чебери. Бир туу­ган К-лордун кичүүсү. Олимпия оюндарынын (1996, Атланта), жаштар арасында Европанын ж-а Украинанын 5 жолку оор салмактагы чем­пиону. WBO (2000–2003), IBF ж-а IBO (2006– 2007) версиялары б-ча профессионалдар арасын­да дүйнөнүн чемпиону. О. эле Европанын профес­сионалдар арасында чемпиону. Өзүнүн профессио­налдык баскычын К. улуу агасы м-н бирге 1996-ж. Гамбургдун Universum Box Promotion (Германия) клубунда баштап, Р. Пьюрити, Ф. Жек­сон, К. Бёрд, Ф. Бота, К. Сандерс, Л. Брюстер ж. б. бокс чеберлери м-н таймашкан.