КЛЕРИКАЛИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЛЕРИКАЛИ́ЗМ – коом турмушунун негизи ка­тары диний дөөлөттөрдү орнотууга, мамлекет­тин коомдук-саясий ж-а маданий турмушунда диний ин-ттардын аныктоочу ролун камсыз кы­луучу шарттарды түзүүгө багытталган коомдук­теол. ж-а алар м-н байланышкан саясий прак­тикалык иштердин комплекси. К. тенденция­сы көпчүлүк диндерге мүнөздүү болсо да, «К.» термини христианчылыкта (католицизмде) ак­тивдүү колдонулат. К. 19-к-да парламентаризм­дин элементи катары калыптанган. Алгачкы клерикалдык партия Бельгияда түзүлүп, анын узакка созулган ишмердиги Бельгиянын като­ликтик мамлекет статусун сактап келди. Ушул багытта клерикалдык партия Австрия-Венгрия м-н Баварияда мамл. саясаттын элементи ка­тары чыгышкан. Азыркы Россияда «К.» терми­ни православие чиркөөсүнүн миссиясын кеңейтүү демилгесин (мамл. ЖОЖдордо теол. билим берүү, мектептерде дин мад-тын окутууну кир­гизүү) негативдүү сындоо үчүн пайдаланылат.