КВАЛИФИКАЦИЯ (адистикке даярдоо): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

05:00, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КВАЛИФИКА́ЦИЯ (лат. qualis – сапаты кан­дай ж-а ...фикация) – билимдердин жалпылы­гы ж-а кызматкерлерди эмгектин конкреттүү түрүн аткарууга адистикке даярдоо. Анын эле­менттери төмөнкүлөр: 1) кызматкердин теориялык би­лими; 2) ишке каныгуу ж-а топтолгон таж­рыйба; 3) адистик чеберчилик. Иш ж-а иш тап­шырмалары көп учурда квалификация деңгээлине ылайык аларды аткарууну талап кылган квалификация­ланган– жарым квалификацияланган ж-а ква­лификацияланбаган болуп бөлүнөт. Адистик да­ярдыкка инвестициялар квалификациянын өсүшүндө чечүүчү роль ойнойт. Ишкананын кызматкерлеринин квалификациясынын жалпы деңгээли эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат. Квалификация адам капиталы катары экономикалык өнүгүү­нүн жогорку темпин камсыз кылууга өбөлгө болот.