КАЧЫБЕК Шераалы уулу: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАЧЫБЕК to КАЧЫБЕК Шераалы уулу) |
(Айырма жок)
| |
05:18, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КАЧЫБЕК Шераалы уулу (18-кылымдын аягы – 19-кылымдын 60-жылдары) – 19-кылымдын башында ысыккөлдүк кыргыздардын атынан Россияга барган элчилердин (к. Жакыпбек Ниязбек уулу) бири.

Бугу уруусунан (белек) чыккан ж-а аларды Россия империясынын букаралыгына өтүү үчүн демилгечилерден болгон. Алгач элчиликке барганда орустар м-н кызматташууга даяр экенин билдирип, капитан чини ж-а Анна тасмасындагы алтын медаль м-н сыйланган. 1854-жылы сентябрда Боромбай Меңмурат уулунун атынан кайрадан Омск шаарына барып, бугу уруусу Россиянын курамына өтүүгө даяр экенин билдирген. 1855-жылы 17-январда Россия империясынын курамына киргенин ырастап, бугу кыргыздарынын атынан ант берген. Бул үчүн майор чинин алып, 1858-жылы бугу уруусунун улук манабы болуп дайындалган.
Ад.: Өмүрбеков Т. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX кылымдын ортосу – XX кылымдын башы). Б., 2005; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004.