КАСЫМБЕКОВ Рыскул: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАСЫМБЕКОВ 3 to КАСЫМБЕКОВ Рыскул) |
(Айырма жок)
| |
03:51, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КАСЫМБЕКОВ Рыскул (1953-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы) –

айыл чарба илимдеринин доктору (2000), профессор (2002). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1976). 1976-жылдан «Оргочор» кой өстүрүү боюнча тажрыйба станциясында зоотехник, илимий кызматкер. 1987–90-жылдарда Ысык-Көл облустук партия комитетинде инструктор, айыл чарба бөлүмүнүн башчысы. 1990-жылы «Оргочор» асыл тукум кой өстүрүү мамлекеттик заводунун директору. 2000-жылдан КЭУнун Кара-Кол шаарындагы филиалынын ректору. Физиология, селекция, генетика, экология илимдери боюнча адис. 40тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография, 2 окуу куралы, 4 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Иссык-Кульский меринос. Б., 1977.