КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАСЫМБЕКОВ 2 to КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек) |
(Айырма жок)
| |
03:44, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек (1863, Бадахшан, Шунган кыштагы – 14. 2. 1919, Ош) – тарыхчы, чыгыш изилдөөчү, географ ж-а саякатчы. Маргалаңдагы жогорку диний мектеп – Султан Муратбектин медресесин бүтүргөн. О. Азия ж-а коңшу өлкөлөрдүн географиясын, тарыхын, этнографиясын, тилин жакшы билген. 19-кылымдын 80-жылдарынын аягы – 90-жылдарынын башында Ошто жашап, тилмеч, жол көрсөткүч, чарба иштеринин башчысы катары Кашкар, Тибет, Гиндикуш, Памир (1888–89), Түркия (1896), Афганстандагы (1903–04) илимий экспедицияларга катышып, аспаптык байкоолор жүргүзгөн, зоологиялык ж. б. коллекцияларды жыйнаган. Ал кызматы үчүн Россия география коомунун 2 алтын, күмүш, коло медалдары м-н сыйланган. Чыгыш элдеринин кол жазмаларын жыйнаган. 1907-жылы Бадахшандын 1809–1907-жылдардагы соңку тарыхын жазган. Анын бул эмгеги Мырза Сан-Мухамбет Бадахшанинин эмгегинин уландысы болуп эсептелет. 1911–13-жылдарда Ош орус-тузем мектебин ачып, анда мугалим болуп иштеген. 1914–17-жылдарда Ошто демократиялык маанайдагы жаштардын тобун жетектеген. 1917-жылы уулу Санжар Касымбеков м-н бирге «Окуучулар союзун» түзгөн. Басмачылар колдуу болуп өлгөн.