КАРЫН ЖАНА ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРАСЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'><b>КАРЫН ЖАНА ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРАСЫ</b> </b>– адамдын карыны м-н он эки эли иче­гисинде көп жолугуучу оору. Көбүнчө 25–50 жаштагы | <b type='title'><b>КАРЫН ЖАНА ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРАСЫ</b> </b>– адамдын карыны м-н он эки эли иче­гисинде көп жолугуучу оору. Көбүнчө 25–50 жаштагы эркектерде кездешет. Ага нерв-психика­лык күч келүү, туура эмес тамактануу, тамеки чегүү, ичкилик ичүү ж. б. түрткү берет. Өткүр татымалдар, алкоголь ж. б. карындын былжыр челин дүүлүктүрүп, карын зили көп бөлүнүп чык­кандан жара пайда болот. Тамекидеги никотин карындын кан тамырларын ичкертип, кан ай­ланууну бузат. Мында тамак ичкенден кийин же ачка болгондо, карын туш ооруйт. Кээде та­мактангандан 2–3 саат өткөндөн кийин зарна болот, кекирип, жүрөгү айланып кусат. Он эки эли ичегинин жарасында ич катат. Бул оору жаз ж-а күз айларында күчөп, оорулуу ишке жөн­дөмдүүлүгүн жоготот. Кээде кабылдап кетет. Ка­рындын жаралуу капталы тешилип, ич көңдөйү сезгенет (перитонит). Бул учурда тезинен опера­ция жасоо талап кылынат. Жарадан <i>кан агуу</i> да анын кабылдоосу болуп саналат. Оорулуу ка­пысынан алсырайт, муздак тер басат, кээде эс­тен танып, кусат, ичи өтүп, заңы кара түстө болот. Бул белгилеринен тышкары карын м-н он эки эли ичегини рентген аркылуу изилдөө, <i>гастроскопия</i> жасоо м-н оору аныкталат. Да­рылоодо <i>диета</i> ж-а эмгек м-н эс алууну айка­лыштыруу, дарыны туура пайдалануу, нерв-пси­хикалык чарчоодон ж. б-дан сактануу сунуш кылынат. Алдын алууда бала күндөн туура та­мактануу, тамеки чекпөө, ичкилик ичпөө ке­рек, кээ бир дарыны (аспирин, бутадион, предни­золон ж. б.) баш аламан кабыл алууга болбойт. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
03:39, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРЫН ЖАНА ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРАСЫ – адамдын карыны м-н он эки эли ичегисинде көп жолугуучу оору. Көбүнчө 25–50 жаштагы эркектерде кездешет. Ага нерв-психикалык күч келүү, туура эмес тамактануу, тамеки чегүү, ичкилик ичүү ж. б. түрткү берет. Өткүр татымалдар, алкоголь ж. б. карындын былжыр челин дүүлүктүрүп, карын зили көп бөлүнүп чыккандан жара пайда болот. Тамекидеги никотин карындын кан тамырларын ичкертип, кан айланууну бузат. Мында тамак ичкенден кийин же ачка болгондо, карын туш ооруйт. Кээде тамактангандан 2–3 саат өткөндөн кийин зарна болот, кекирип, жүрөгү айланып кусат. Он эки эли ичегинин жарасында ич катат. Бул оору жаз ж-а күз айларында күчөп, оорулуу ишке жөндөмдүүлүгүн жоготот. Кээде кабылдап кетет. Карындын жаралуу капталы тешилип, ич көңдөйү сезгенет (перитонит). Бул учурда тезинен операция жасоо талап кылынат. Жарадан кан агуу да анын кабылдоосу болуп саналат. Оорулуу капысынан алсырайт, муздак тер басат, кээде эстен танып, кусат, ичи өтүп, заңы кара түстө болот. Бул белгилеринен тышкары карын м-н он эки эли ичегини рентген аркылуу изилдөө, гастроскопия жасоо м-н оору аныкталат. Дарылоодо диета ж-а эмгек м-н эс алууну айкалыштыруу, дарыны туура пайдалануу, нерв-психикалык чарчоодон ж. б-дан сактануу сунуш кылынат. Алдын алууда бала күндөн туура тамактануу, тамеки чекпөө, ичкилик ичпөө керек, кээ бир дарыны (аспирин, бутадион, преднизолон ж. б.) баш аламан кабыл алууга болбойт.