КАРИМОВ Казимир Абдулович: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРИМОВ 5 to КАРИМОВ Казимир Абдулович) |
(Айырма жок)
| |
09:01, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КАРИМОВ Казимир Абдулович (10. 3. 1937-жылы туулган, Казакстан, Чымкент шаары) – физик, физика-математика илимдеринин доктору (1988), профессор (1988), Нью-Йорк ИАнын академиги (1994). КМУнун физика факультетин бүткөн (1960). Кыргыз ССР ИАнын физика ж-а математика институтунда кенже илимий кызматкер (1962–69), илимий кызматкер (1969–70), метеорлорду изилдөөчү топтун жетекчиси (1971–76), КР УИАнын физика институтунда атмосфера процесстери лабораториясынын башчысы (1976–98), 1998-жылдан радиофизика лабораториясынын атмосфера процесстери тобунун жетекчиси, илимий кызматкер. Геофизика ж-а жогорку атмосферанын процесстерин изилдөө боюнча адис. 500дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 10 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Динамика воздушных течений в нижней термосфере и её связь с процессами в тропостратосфере. Ф., 1976; Экология Кыргызстана: проблемы, прогнозы, реконструкции. Б., 2000.